Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргызстандын түштүгүндөгү электр берүү линияларын модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн бажылык тариздөөгө жана бажылык коштоого жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2012-жылдын 17-апрели №246 "Кыргызстандын түштүгүндөгү электр берүү линияларын модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруу үчүн бажылык тариздөөгө жана бажылык коштоого жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө Кытай экспорттук-импорттук банкы каржылоочу "Кыргызстандын түштүгүндөгү электр берүү линияларын модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 239-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бажылык тариздөөгө жыйымдарды төлөөдөн бошотуу менен, "Астана шаарында 2011-жылдын 13-июнунда кол коюлган Кыргызстандын түштүгүндөгү электр берүү линияларын модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу үчүн зайым алуучу катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүл катары көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кредитор катары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы зайым-жеңилдетилген кредит Келишимин ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 71 Мыйзамы менен ратификацияланган "Кыргызстандын түштүгүндөгү электр берүү линияларын модернизациялоо" долбоорунун алкагында алып келинүүчү товарларды бажылык тариздөөнү жүргүзсүн.
2. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Бул токтом 2011-жылдын 8-июлунан тартып (жогоруда аталган Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып) колдонулат.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Астана шаарында 2011-жылдын 13-июнунда кол коюлган Кыргызстандын түштүгүндөгү электр берүү линияларын модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу үчүн зайым алуучу катары Кыргыз…Закон · 02.07.2011 · № 71
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон