Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу «АгроСмарт» санариптештирүү жана маркетинг борбору» мамлекеттик ишканасынын уставы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 7 марта 2024 года № 98 "О Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-03-07.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
30-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу "АгроСмарт" санариптештирүү жана маркетинг борбору" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу "АгроСмарт" санариптештирүү жана маркетинг борбору" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштеген, мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген, өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) чечимдерин жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
Ушул Устав Ишкананын уюштуруучу документи болуп саналат.
4. Мамлекеттик башкаруучу орган (мындан ары - башкаруучу орган) болуп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ишкананын өзүнүн фирмалык аталышы бар:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу "АгроСмарт" санариптештирүү жана маркетинг борбору";
- расмий тилде: "Центр цифровизации и маркетинга "АгроСмарт" при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "АгроСмарт" МИ;
- расмий тилде: ГП "АгроСмарт".
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
7. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
8. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилдик (гарантия) алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ишкананын пайдасынын бөлүгүн алууга укуктуу.
11. Ишкана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу "АгроСмарт" санариптештирүү жана маркетинг борбору" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 "А".
2. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
13. Ишкананын максаты Министрликтин компетенциясына кирген иш чөйрөсүндө санариптик продуктуларды иштеп чыгуу, киргизүү жана коштоо аркылуу маалыматтык инфратүзүмдү жана маркетингди тейлөө болуп саналат.
14. Министрликтин компетенциясына кирген иш чөйрөсүндөгү Ишкананын негизги милдеттери төмөнкүлөр:
- программалык продуктуларды жана маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- программалык камсыздоо продуктуларын иштеп чыгууну, ишке киргизүүнү жана техникалык коштоону камсыз кылуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү чөйрөсүндөгү долбоорлорду жана башка электрондук тиркемелерди иштеп чыгууга, ишке киргизүүгө, коштоого жана тейлөөгө катышуу;
- маалыматтык системалардын үзгүлтүксүз иштешин жана коштоону камсыз кылуу;
- келишимдик негизде маалыматтык жана маркетингдик кызматтарды көрсөтүү жана жумуштарды аткаруу методу менен маалыматтык инфратүзүмдү өнүктүрүү жана тейлөө;
- санариптик технологияларды маалыматтык техникалык колдоо жана модернизациялоо;
- жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продуктусун бренддөө жана сапатын баалоо боюнча консультация берүү менен тышкы рынокко ички продукцияны сатууну көбөйтүү;
- продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана өлкөнүн продукциясынын тышкы рынокто таанымалдыгын жогорулатуу максатында эл аралык деңгээлде бирдиктүү бренддөө үчүн мыкты продукцияны тандоону жана баалоону камсыз кылуу;
- ушул Уставда көрсөтүлгөн максатка жетүү жана функцияларды аткаруу.
15. Министрликтин компетенциясына кирген иш чөйрөсүндөгү Ишкананын негизги функциялары төмөнкүлөр:
- жаңы түзүлгөн маалыматтык системаларды иштеп чыгууда жана ишке киргизүүдө иштерди координациялоо жана долбоорду башкаруу;
- айыл чарбасында бирдиктүү маалыматтык тармакты түзүү, өнүктүрүү, мониторинг жүргүзүү жана мамлекеттик маалыматтык системалар менен биргеликте өз ара аракеттенүү;
- агрардык тармакта бирдиктүү маалыматтык мейкиндиктин иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылуу максатында маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана жайылтуу;
- маалыматтык системаларды мамлекеттик маалыматтык ресурстарга интеграциялоо, жалпы пайдалануудагы маалымат базасын түзүү;
- тармактык классификациялар системасын жана документтердин формаларын өз алдынча жана уюмдар, ведомстволор жана министрликтер менен биргеликте иштеп чыгууга, ишке киргизүүгө жана жүргүзүүгө катышуу;
- пайдаланууга берилген маалыматтык системаларды техникалык жактан коштоо жана модернизациялоо;
- техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу жана макулдашуу;
- программалык каражаттарды иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана жайылтуу, жалпы маалыматтык жана локалдык тармактарды түзүү, маалыматтык сайттарды иштеп чыгуу;
- келишимдер боюнча тейленүүчү объектилерди материалдык-техникалык ресурстар менен камсыз кылуу, компьютердик жана уюштуруу техникаларын сатуу, оңдоо жана техникалык тейлөө;
- маалыматтык системаларды пайдалануучуларды алар иштеген мезгилде окутуу;
- маалыматтык системаларды пайдалануучуларды колдоо боюнча ишти камсыз кылуу;
- маалыматтык технологиялар жаатында консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
- маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, коштоо жана пайдалануу үчүн кадрларды окутуу, даярдоо жана кайра даярдоо;
- Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча конференцияларды, семинарларды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
- санариптик технологияларды иштеп чыгуу жана агрардык тармакка киргизүү;
- продукцияны бренддөө боюнча продукт өндүрүүчүлөргө консультация берүү;
- маркетинг, соода-сатып алуу жана ортомчулук ишин белгиленген тартипте жүргүзүү;
- ушул Уставда каралбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын тиешелүү максаттарына каршы келбеген башка функциялар.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
16. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- электрондук башкаруу инфратүзүмүн түзүү, өзгөртүү жана модернизациялоо боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мекемелерге, ишканаларга жана уюмдарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жана ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү процесстерин оптималдаштыруу жана санариптештирүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
- рынок конъюнктурасына жараша коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого;
- программалык камсыздоону түзүү жана өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырмаларды жана техникалык-экономикалык негиздемелерди иштеп чыгууга;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларын иштеп чыгууга, ишке ашырууну жана өнүктүрүүнү коштоого;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү маалыматтык-коммуникациялык кызматтарды ишке ашыруу үчүн программалык продуктуларды түзүүгө, тестирлөөгө жана өнүктүрүүгө;
- маалыматтык системаларды толуктап иштеп чыгууга жана модернизациялоого;
- Ишкананын кызматкерлерин, жетекчилигин командировкаларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышуу үчүн жиберүүгө;
- эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө, кызматташууга жана өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн эл аралык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын белгиленген тартипте тартууга;
- кеңешүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөө топторун түзүүгө;
- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди сатып алууга жана милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
- юридикалык жана жеке жактар менен келишимдин негизинде чарбалык ишти жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактардан материалдык ресурстарды, мүлктөрдү алууга;
- мамлекеттик маалыматтык системалардын, ресурстардын, маалымат базаларынын коопсуздугун, алардын бүтүндүгүн, жеткиликтүүлүгүн жана купуялуулугун камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүгө;
- Ишканада жумуштарды аткаруу үчүн жеке жактарды эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде белгиленген тартипте ишке тартууга;
- эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө, кызматташууга;
- зарылдыгына жараша, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында Ишкананын ишин жүргүзүү үчүн керектүү филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
- чарба жүргүзүү укугунда ага таандык болгон жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарларды жана башка материалдык баалуулуктарды юридикалык жана жеке жактарга келишимдик негизде ижарага берүүгө;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен алдын ала макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте кредиттик келишимдерди түзүү же зайым келишимдерди түзүү аркылуу зайым каражаттарын тартууга;
- акы төлөнүүчү башка кызматтарды көрсөтүүгө;
- кызматкерлердин квалификациясын аларды Ишкананын эсебинен кошумча окутууга жиберүү аркылуу жогорулатууга.
- ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген зарыл башка укуктардан пайдаланууга;
17. Ишкана өзүнүн максаттарына жетүү жана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкана жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерди так аткарууга;
- Ишкананын кызматкерлери тарабынан аткарылган иштерди Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыздоого;
- Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын саламаттыгына жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян боюнча белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
- Ишкананын зарыл болгон отчетторун ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында берүүгө, салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын бюджет жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана өлчөмдө төлөөгө;
- чарбалык башкарууга өткөрүлүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоого.
18. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды, анын ичинде Ишканада иштебей калгандан кийин да мамлекеттик сыр жана жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгил ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган, жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды сыр катары сактоого милдеттүү.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органынын компетенциясы
19. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
-Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү боюнча сунуштарды даярдоо;
- Ишкананы кайрадан уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды уюштуруучуга киргизүү;
- Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
- Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
- Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
- Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
- Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерди кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн киргизүү;
- фонддорго, ассоциацияларга (бирликтерге), коммерциялык эмес уюмдарга жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына ылайык мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
20. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
- тейлеген иш чөйрөсүндөгү тармактык саясаттын маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү Ишканага берүүгө;
- Ишканадан анын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планын жана финансылык-чарбалык ишин талдоо үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
- анын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына кирүүгө;
- аткаруу органынын отчётторун угууга;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызматтан бошотуу, ага карата тартиптик жаза чараларын колдонуу же сыйлоо жөнүндө сунуш киргизүүгө.
Мамлекеттик башкаруучу орган Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 токтому менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобого, ошондой эле Ишкананын Уставына ылайык башка укуктарга да ээ.
21. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыздоого;
- Ишкананын ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
- укук коргоо органдарына Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган ага белгилүү болуп калган фактылары тууралуу маалымдоого;
- коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга таратпоого;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
5. Ишкананы башкаруу
22. Ишкананы башкарууну Ишкананын директору жүзөгө ашырат.
23. Директор Ишкананын жетекчиси болуп саналат. Директор Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан мамлекеттик башкаруучу органынын жетекчисинин сунушунун негизинде кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
24. Директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
25. Ишкананын директору төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
- Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгынын отчётун кароонун натыйжасы боюнча канааттандырарлык эмес деген баа алганда;
- Ишкананын иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
- эмгек келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
- Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес аракеттери үчүн;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
26. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Ишкананын учурдагы финансылык-чарбалык ишин башкаруу;
- Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планды) ишке ашыруу;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун бекитүүгө киргизүү жана өткөн жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту берүү;
- Ишкананын финансылык-чарбалык иштери жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчётторду даярдоо жана берүү;
- Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органынын тармактык саясат маселелери боюнча чечимдерин аткарууну уюштуруу;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү;
- эмгек акы төлөө фондун кошкондо, кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу шарттарын бекитүү;
- кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
- Ишкананын уюштуруу-тескөөчү документтерин бекитүү;
- бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну жүргүзүүнү уюштуруу;
- Ишкананын Уставына ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
27. Ишкананын Директору төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар менен кайрылууга;
- Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Уставына жана стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана Ишкананын ушул Уставында каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
- Ишкананын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан белгиленген тартипте зарыл болгон маалыматтарды суроого жана алууга;
- Ишкананын долбоорлорун ишке ашырууну каржылоо маселелери боюнча сунуштар менен эл аралык донорлорго кайрылууга;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 токтому менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобого жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга да ээ.
28. Ишкананын Директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
- мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттун документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштарды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
- мамлекеттик башкаруу органынын кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ишинин кайсыл бир чөйрөсүнө байланыштуу бардык зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыздоого;
- Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
- Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын жазык, жарандык мыйзамдарынын, ошондой эле жоруктар жана бузуулар жөнүндө мыйзамдарынын бузулгандыгы боюнча ага белгилүү болгон фактылар жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
- Ишкананын коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча белгиленген тартипте Ишкананын иши жөнүндө маалымат берүүгө.
Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 токтому менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жободо жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
29. Ишкананын директорунун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
30. Ишкананын Директору:
- Ишкананын атынан ишеним катсыз иштейт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыгын коргойт;
- Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана бошотот;
- Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын көрөт;
- компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
- Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик, жарандык мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана Ишкананын Уставында каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
- финансылык (бухгалтердик) отчеттордун абалы, Ишкананын финансы каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Ишкананын ушул Уставына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
31. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
32. Ишканада директордун эки орун басарынын кызмат орду каралган, алар Ишкананын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
33. Ишкананын директорунун орун басарлары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
34. Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, анын милдеттерин аткаруу бош кызмат ордуна жаңы адам дайындалганга чейин директордун орун басарларынын бирине жүктөлөт.
35. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, түздөн-түз директорго баш иет, ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктарды пайдаланат.
36. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 токтому менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жободо жана Ишкананын ушул Уставында каралган башка укуктарга да ээ.
37. Ишкананын директору Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо тартибин аныктайт.
38. Ишкананын башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, жарандар менен чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндөгү мамилелери келишимдердин негизинде түзүлөт.
6. Ишкананын жетектөөчү курамы
39. Ишкананын жетектөөчү курамына төмөнкүлөр кирет:
- Директор, директордун орун басарлары;
- башкы бухгалтер.
40. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында иштөөсү тийиш.
Жетектөөчү курамга кирген адамдар Ишкананын мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
41. Ишкананын жетектөөчү курамына төмөнкү адамдар кире алышпайт:
- чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашоого уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
- менчикке жана экономикалык иш жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, коррупциялык жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар үчүн соттуулугу бар, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
- канааттандырарлык эмес иши үчүн мурда уюмдун жетекчиси ээлеген кызмат ордунан бошотулган адамдар;
- менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте жетектөөчү кызмат орундарын ээлеген, анын банкрот болушуна алып келген адамдар;
- мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар кызмат ордунда турган мезгилде бир эле учурда жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик иш менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укуксуз.
7. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
42. Ишкана өз ишин мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган жылдык иш планынын же 3 жана андан ашык жылга узак мөөнөттүү иш планынын негизинде жүргүзөт.
43. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен мамилесин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер, ошондой эле башкаруу органынын бекитилген иш-чаралар планы түзөт.
44. Ишкана келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди, чарбалык өз ара мамилелердин Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген кандай болбосун башка шарттарын аныктоодо эркин.
45. Ишкана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчетторду түзөт. Ишкананын финансылык отчету кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүшү керек.
46. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансы-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө берет:
- ички аудиторго (ички аудит кызматына, эгер бар болсо);
- Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органына;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
47. Ишкана финансылык-чарбалык ишин стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.
Стратегиялык өнүктүрүү планы ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
48. Мамлекеттик ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- Ишкананын ишинин максатынын жана негизги багыттарынын түшүндүрмөсүн;
- Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) тармагынын жана рыногунун баяндалышын, мүнөздөмөсүн;
- Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгынын негиздемесин;
- ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
- товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
- уюштуруучулук планын;
- финансылык планын;
- тобокелдиктерди талдоону.
49. Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө, анын ичинде Ишкананын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө берет.
50. Ишкана салык салуу жана экономикалык маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу боюнча улуттук системаны киргизүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды компетенттүү мамлекеттик органдарга берет.
51. Кыргыз Республикасынын маалыматка жетүү жаатындагы мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалымат бергендиги же анын бурмалагандыгы, ошондой эле отчеттуулукту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 токтому менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобого ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
52. Ишкананын ишин текшерүү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жүргүзүлөт.
8. Ишкананын мүлкү жана финансы
53. Ишкана мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана ага бекитилип берилген мүлккө менчик укугуна ээ эмес. Мүлктү пайдалануунун негизи болуп мамлекеттик менчик болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана башка мүлктү чарба жүргүзүү укугу саналат.
Ишкана толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принцибинде иштейт.
54. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
55. Ишкананын мүлкүн түзүүчү булактар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген мүлк;
2) бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган мүлк, анын ичинде кирешелер, түшүмдөр, продукциялар;
3) чарбалык иштердин жыйынтыгында алынган кирешелер;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка бардык булактар.
56. Ишкана жеке финансылык-чарбалык ишинен алган кирешесинин эсебинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан кайрадан түзгөн, алган же сатып алган мүлкү мамлекеттин менчиги болуп саналат.
Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана башкаруу укугун (ижара) ишке ашырат.
57. Ишкананын мүлкүн ээликтен ажыратуу, ошондой эле чарбалык шериктиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым катары киргизүү мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
58. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоого милдеттүү жана инвентаризациялоонун жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аныктаган тартипте жана мөөнөттө бериши керек.
59. Ишкананын мүлктү пайдалануунун натыйжасында, ошондой эле жылдык финансылык-чарбалык ишинин натыйжасында алган таза пайдасы мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине, ошондой эле таза пайданын бөлүгүнүн 50 пайыздан кем эмеси андан ары республикалык бюджеттин эсебине отчёттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө которулат.
9. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
60. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча уюштуруучуга сунуштарды киргизүү;
- Ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын макулдашуу;
- жылдык бюджетти, ишкананын финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту, республикалык бюджетке которулууга тийиш таза кирешенин бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
- Ишкананын финансылык-чарбалык ишин талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
- Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
- Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын ишин баалоо;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкананын жетекчисин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу жөнүндө сунуштамаларды киргизүү;
- Ишкананын жетекчисинин сунуштамасы боюнча Ишкананын жетекчисинин орун басарын кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу;
- Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына карата жумуш берүүчүнүн укуктарын сактоо жана милдеттерин аткаруу;
- Ишкананын жетекчиси менен эмгек келишиминин типтүү формасын бекитүү;
- Ишкананын жетекчиси жана анын орун басары менен эмгек келишим түзүү;
- Ишканага таандык мүлктүн арналышы боюнча пайдаланууга жана сактоого контролду жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 токтому менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобого ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
Берилген Уставдын 60-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 60-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
10. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
61. Ишкананы кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, бөлүү, ажыратуу, өзгөртүп түзүү) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 токтому менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
62. Ишкана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен төмөнкү учурларда жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
63. Ишкананын иш процессинде келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (6)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11- сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуПостановление · 11.09.2019 · № 468
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук…Постановление · 06.08.2021 · № 116
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө"…Постановление · 07.03.2024 · № 98
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
6 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.