Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы N 29 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2008-жылдын 13-майы № 213 "Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы N 29 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссиянын жерлерди бир категориядан башкасына же жерлерди бир түрдөн башкага которуу (трансформациялоо) боюнча ишин тартипке келтирүү максатында:
1. "Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы № 29 токтому менен бекитилген Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Комиссиянын курамына кызматы боюнча төмөнкүлөр кирет: Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысынын орун басары; Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Комиссиянын кароосуна материалдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан даярдалаары белгиленсин.";
- 8-пунктта:
экинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жерлерди пайдаланууга (жүргүзүүгө) укук берүү (максатын өзгөртүүгө уруксат берүү) жөнүндө өтүнүч каттарды козгоо жана кароо тартиби жөнүндө" 1998-жылдын 27-январындагы № 55 токтому менен бекитилген Жерлерди пайдаланууга укук берүү (максатын өзгөртүүгө уруксат берүү) жөнүндө өтүнүч каттарды козгоо жана кароо тартиби тууралуу жобонун" деген сөздөр "жерди берүү жана которуу боюнча Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын" деген сөздөргө алмаштырылсын; төртүнчү абзац "(корутундусу)" деген сөздөрдөн кийин "же протоколу" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Положение о Республиканской комиссии по вопросам, связанным с отводом земель ( Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 16 января 2002 года N 29)Положение · 16.01.2002 · № 29
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Постановление Правительства КР от 16 января 2002 года N 29 "Об утверждении Положения о Республиканской комиссии по вопросам, связанным с отводом земель"Постановление · 16.01.2002 · № 29 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 27 января 1998 года №55 "О порядке возбуждения и рассмотрения ходатайств о предоставлении права (разрешения на изменение цели) пользования…Постановление · 27.01.1998 · № 55 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.