Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын “Механизациялаштырылган көчмө колонна” мамлекеттик ишканасынын уставы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-04-14.
5-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын "Механизациялаштырылган көчмө колонна" мамлекеттик ишканасынын уставы (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350, 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 216 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын "Механизациялаштырылган көчмө колонна" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугунда башкарууга негизделген өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомнун редакцияларына ылайык)
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органынын актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - уюштуруучу) болуп саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (мындан ары - башкаруу органы) эсептелет.
5. Ишкананын расмий толук аталышы:
1) мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын «Механизациялаштырылган көчмө колонна» мамлекеттик ишканасы»;
2) расмий тилде: «Государственное предприятие «Передвижная механизированная колонна» Службы исполнения наказаний при Министерстве юстиции Кыргызской Республики.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомнун редакцияларына ылайык)
6. Кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "МКК" МИ;
2) расмий тилде: ГП "ПМК".
7. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, жарандык мыйзамдарда жана ушул Уставда каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
8. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
9. Ишкана мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы менен мөөргө, штамптарга, белгиленген үлгүдөгү бланктарга, логотип, эмблема түрүндөгү атрибуттарга да ээ болушу мүмкүн.
10. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти (гарантияны) өзүнө алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
11. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Молдовановка айылы.
12. Ишкана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын объекттеринде жана Кыргыз Республикасынын башка ведомстволорунун, уюмдарынын жана мекемелеринин объекттеринде куруу-монтаждоо, оңдоо-куруу жана реконструкциялоо иштерин уюштурууну жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 216 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
13. Ишкананын ишинин негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Ишканада Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын муктаждыктары үчүн товарларды өндүрүү, жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү боюнча мамлекеттик түз тапшырыктарды аткаруу;
2) мамлекеттик программаларды жана жалпы республикалык маанидеги социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу;
3) Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын инфраструктурасынын жаңы объекттерин түзүү жана иштеп жаткан объекттерин оң техникалык абалда күтүү.
14. Ишкананын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;
2) Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын объекттеринде куруу-монтаждоо, оңдоо-куруу жана реконструкциялоо иштерин уюштуруу.
15. Ишкананын функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) курулуш аянттарын жана курулуш объекттерин даярдоо, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо;
2) Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын объекттеринде, ошондой эле башка ведомстволордун, уюмдардын жана мекемелердин объекттеринде куруучунун, подрядчынын функциялары менен куруу-монтаждоо, оңдоо-куруу жана реконструкциялоо иштерин жүзөгө ашыруу;
3) Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын тизмегинде каралган өндүрүштүк, турак жай-коммуналдык жаңы кубаттуулуктарды жана башка багыттагы капиталдык оңдоо иштери аяктаган объекттерди курулуш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте колдонууга киргизүү жана эксплуатациялоочу уюмдарга жана мекемелерге өткөрүп берүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 216 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
16. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүзөгө ашырууга;
2) монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылууга тийиш болгон товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын кошпогондо товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте рыноктун конъюнктурасына жараша өз алдынча аныктоого;
3) кеңешүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөөчү топторду түзүүгө;
4) өзүнүн функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын, демөөрчүлүк жардамдарын жана каражаттарын тартууга;
5) Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдарына жана мекемелерине демөөрчүлүк жардамдарды көрсөтүүгө;
6) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди алууга жана милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
7) юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
8) эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин негизинде Ишканадагы иштерди аткарууга белгиленген тартипте жеке жактарды тартууга;
9) Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөгө кызматтык зарылчылыкка байланыштуу жана эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
10) эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү, кызматташтыкты жүзөгө ашырууга;
11) белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
12) келишимдик негизде чарба жүргүзүү укугунда ага тиешелүү болгон жабдууну, транспорт каражаттарын, инвентарларды жана материалдык баалуулуктарды жарандык мыйзамдарга ылайык менчик ээсинин макулдугу менен юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп берүүгө, ижарага берүүгө;
17. Ишкана өзүнүн максатына жетүү жана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерди так аткарууга;
2) өздүк каражаттарынын эсебинен Ишкананын кызматкерлери аткарган иштерди каржылоону камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлерине эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана алардын саламаттыгына, эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
4) Ишкананын кызматкерлерине социалдык, медициналык милдеттүү камсыздандырууну камсыз кылууга;
5) ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын отчётторун, статистикалык маалыматтарын өз убагында берүүгө, салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү салык салуу жана социалдык чегерүүлөр чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө төлөөгө;
6) чарба жүргүзүүгө өткөрүлүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга;
7) аткарылып жаткан иштин сапатын жана курулуш объекттерин эксплуатацияга берүүнүн мөөнөттөрүн камсыз кылууга;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга;
9) Ишкананын чарба жүргүзүүсүндө турган мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууга жана колдонуудан пайда табууга;
10) Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын объекттеринде куруу-монтаждоо, оңдоо-куруу жана реконструкциялоо иштерин аткарууга;
11) белгиленген тартипте башкаруу органына реконструкциялоого жана капиталдык оңдоого тийиш болгон объекттерди Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын объекттеринин тизмесине киргизүү жөнүндө сунуштарды берүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 216 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды, анын ичинде Ишканада ишин токтоткондон кийин мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгил ичинде сактоого, кызматтык милдеттерди аткарууда алынган жарандардын жеке жашоосуна, намысына жана кадыр-баркына тийиштүү маалыматтарды сактоого милдеттүү.
4. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
19. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жеткирип берүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
20. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына карама-каршы келбеген келишимдердин предметин тандоодо, чарбалык өз ара мамилелердин милдеттенмелерин, ар кандай шарттарын аныктоодо эркин.
21. Ишкана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана финансылык отчётторду түзөт. Ишкананын финансылык отчёттору кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
22. Ишкана квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө төмөнкүлөргө отчёт берет:
1) ички аудиторго (ички аудит кызматына, эгерде бар болсо);
2) башкаруу органына;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
23. Ишкана финансылык-чарбалык ишин стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.
Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана башкаруу органы тарабынан бекитилет.
24. Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планында төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) Ишкананын ишинин максаттары жана негизги багыттары;
2) тармакты жана рынокту сыпаттоо, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсү;
3) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоосу;
4) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планы;
5) уюштуруу планы;
6) финансылык план;
7) тобокелдиктерди талдоо.
25. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө, Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган Ишкананын алдыдагы жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктарын, анын ичинде өткөн жылдагы Ишкананын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту берет.
26. Ишкананын тышкы жана ички аудити "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" жана "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
5. Ишкананын мүлкү жана финансы каражаттары
27. Ишкана мамлекеттик мүлктү чарбалык башкаруу укугуна негизделген жана ага бекитилген мүлккө карата менчик укугуна ээ эмес. Мүлктү колдонуунун негизи болуп кыймылсыз мүлк объекттерине, негизги каражаттарга жана мамлекеттик менчик болуп саналган, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген башка мүлккө чарба жүргүзүү укугу эсептелет.
28. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылуучу башка материалдык баалуулуктар түзөт. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) чарба жүргүзүү укугунда Ишканага бекитилген мүлк;
2) ага бекитилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган мүлк, анын ичинде кирешелер, түшүмдөр жана продукциялар;
3) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
4) гранттар, кредиттер;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бардык башка булактар.
29. Өздүк финансылык-чарбалык иштен алынган кирешелердин же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен Ишкана тарабынан кайрадан түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык максаттарга жана иштин предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижара) укугун ишке ашырат.
30. Жылдык финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары боюнча алынган таза кирешесин Ишкана толук өлчөмдө стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планды) ишке ашырууга жумшайт.
31. Ишкананын кирешеси төмөнкүлөргө колдонулушу мүмкүн:
1) соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртууга;
2) чарбалык-финансылык ишти өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө;
3) Ишкананын кызматкерлерине материалдык дем берүүгө, окутууга жана квалификациясын жогорулатууга;
4) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык иш-чараларга.
32. Ишкананын мүлкүн ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым катары киргизүү мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
33. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоого жана инвентаризациялоонун жыйынтыктарын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгилеген мөөнөттө жана тартипте берүүгө милдеттүү.
6. Ишкананын ишиндеги уюштуруучунун компетенциясы
34. Ишкананын ишиндеги уюштуруучунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананы түзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу, анын ишинин предметин жана максаттарын аныктоо;
2) Ишкананы менчиктештирүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
3) Ишкананы жоюу комиссиясынын курамын жана жоюу балансын бекитүү;
4) Ишкананы өткөрүү актысын же бөлүү балансын бекитүү;
5) Ишкананы муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө чечимди кабыл алуу;
6) ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү.
7. Ишкананын ишиндеги башкаруу органынын компетенциясы
35. Ишкананын ишиндеги башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү боюнча сунуштарды даярдоо;
2) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
3) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) белгиленген тартипте дайындоо үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга кийин сунуштоо үчүн Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине киргизүү;
9) фонддордун, коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
10) Ишканага тейлеген иш чөйрөлөрүндөгү тармактык саясат маселелерине тийиштүү көрсөтмөлөрдү берүү;
11) Ишканадан анын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчёттуулуктагы документтерди, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроо жана алуу;
12) Ишкананын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн анын аймагына келүү;
13) Ишкананын отчётторун угуу;
14) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу, ага тартиптик жаза чарасын колдонуу жана сыйлоо жөнүндө сунушту киргизүү;
15) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылуу;
16) Ишкананын иши менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылуу;
17) Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан ага белгилүү болгон укук бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоо;
18) коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сырлар болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоо;
19) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүү.
8. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын Ишкананын ишиндеги компетенциясы
36. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын Ишкананын ишиндеги компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчётун бекитүү;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишин талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын директорунун жана анын орун басарынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын директорунун жана анын орун басарынын ишин баалоо;
7) Ишкананын директоруна жана анын орун басарына сыйакы төлөө тартибин бекитүү;
8) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен макулдашуу боюнча Ишкананын директорун кызмат ордуна дайындоо жана ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштаманы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына киргизүү;
9) башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкананын директорунун сунуштамасы боюнча Ишкананын директорунун орун басарын кызмат ордуна дайындоо жана ээлеген кызмат ордунан бошотуу;
10) Ишкананын директору жана анын орун басары менен эмгек келишимин түзүү;
11) Ишканага бекитилген мүлктүн багыты боюнча пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо.
9. Ишкананын аткаруу органы
37. Ишкананын аткаруу органы болуп Ишкананын директору эсептелет.
38. Директор юстиция министри тарабынан сунушталган Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлердин ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат.
Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын башкаруучу орган менен макулдашылган сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордунан бошотулат. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомнун редакцияларына ылайык)
39. Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
40. Ишкананын директору төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн:
1) Ишкананын ишине канааттандырарлык эмес баа алганда жана жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары тууралуу отчётту кароонун натыйжалары боюнча;
2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаган учурда;
3) эмгек келишими боюнча милдеттери аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган учурда;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациясыз иш-аракеттери болгондо;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
41. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансылык-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
3) алдыдагы жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчётту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө киргизүү;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчётторду даярдоо жана берүү;
5) тармактык саясат маселелери боюнча башкаруу органынын чечимдерин аткарууну уюштуруу;
6) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү;
7) кызматкерлерди жалдоо жана иштен бошотуу шарттарын, анын ичинде эмгек акы төлөө фондун бекитүү;
8) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
9) Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
10) бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу.
42. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Ишкананын ушул Уставына жана стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Ишкананын мүлкүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында, ушул Уставда каралган тартипте тескөөгө;
4) Ишкананын алдына коюлган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
43. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын отчётторун, финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчёттуулуктагы документтерин, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) чечимдерди кабыл алууну талап кылган маселелерди башкаруу органынын кароосуна киргизүүгө, ошондой эле Ишкананын бардык иш чөйрөсүнө байланышкан маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
4) Ишкананын кызматкерлери тарабынан ага белгилүү болгон укук бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
5) коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сырлар болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого.
44. Ишкананын директорунун чечимдери буйруктар формасында кабыл алынат.
45. Ишкананын директору:
1) Ишкананын атынан ишеним катсыз аракеттенет;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыктарын коргойт;
3) Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алууну жана бошотууну жүзөгө ашырат;
4) Ишкананын кызматкерлерине тартиптик жаза чараларын колдонот жана сыйлоо чараларын көрөт;
5) компетенциясынын алкагында Ишкананын бардык кызматкерлеринин аткаруусу милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
6) Ишкананын кызматкерлерине ишеним кат берет;
7) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын иш чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) финансылык (бухгалтердик) отчёттуулуктун абалы, Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлктөрүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу, өндүрүштө коопсуздук техникасын сактоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
46. Ишкананын директору ага жүктөлгөн функциялык милдеттерди талаптагыдай аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
47. Ишканада директордун бир орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басары Ишкананын директорунун сунуштамасы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Ишкананын директорунун орун басары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомнун редакцияларына ылайык)
48. Ишкананын директору ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, бош кызмат орду ээленген учурга чейин анын милдеттерин аткаруу директордун орун басарына жүктөлөт.
49. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча Ишкананын түзүмүндө ички аудитордун кызмат орду каралышы мүмкүн.
10. Ишкананын жетекчилик курамы
50. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар төмөнкүлөр болуп саналат:
- директор, директордун орун басары;
- башкы бухгалтер.
51. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында аракеттенүүгө тийиш.
Жетекчилик курамга кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сырлар болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
52. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкү адамдар кире албайт:
1) чет элдик жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, коррупциялык же мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар үчүн соттуулугу бар адамдар;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчисинин ээлеген кызматынан мурда бошотулган адамдар;
4) мурда менчигинин түрүнө карабастан чарба субъектисинде аны банкроттукка алып келген жетекчилик кызмат орундарын ээлеген адамдар;
5) мамлекеттик, административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордунда турган мезгилде бир эле убакта жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, алардын уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укугу жок.
11. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
53. Ишкана бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу же кайра түзүү түрүндө кайра уюштурулат.
Ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү же ажыратуу түрүндө кайра уюштуруу жөнүндө чечим башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат. Ишкананы кайра уюштуруу тууралуу чечим атаандаштык жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте монополияга каршы орган менен алдын ала макулдашуу боюнча кабыл алынат.
54. Ишкана мамлекеттик мекемеге же чарбалык коомго кайра түзүлүшү мүмкүн.
55. Ишкана төмөнкү учурларда жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан;
2) соттун чечиминин негизинде.
56. Ишкананы жоюу үчүн уюштуруучу тарабынан жоюлуп жаткан Ишкананын, мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн арасынан жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясына жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси башчылык кылат.
Жоюу комиссиясы түзүлгөн учурдан тартып ал Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укукка ээ болот. Эгерде чарба жүргүзүү укугуна негизделген жоюлуп жаткан Ишкананын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
57. Ишкананын иш процессинде келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.06.2021 · № 33
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
6 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон