Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМ 2021-жылдын 22-апрели № 164 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" "Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жободо:
- 5-пунктунун он сегизинчи абзацынын мамлекеттик тилдеги текстиндеги "менчик же" деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пунктунун экинчи абзацы "коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын" деген сөздөргө чейин "шаар куруу жана архитектура, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарынын, " деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пунктунда:
жетинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Комиссиянын чечими сунуштоочу мүнөзгө ээ.";
- 22-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жер участогунун чектеринде пайдалуу кендердин болушу же жок экендиги жөнүндө маалымат алуу үчүн.".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы № 176 "Запастагы жерлерди пайдалануунун жана түзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Запастагы жерлерди пайдалануунун жана түзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Комиссиянын корутундусунун негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрация үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык кароо үчүн тийиштүү материалдарды жиберет.".
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
У.А. Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (7)
- Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571…Типовое положение · 23.09.2011 · № 571
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы № 176 "Запастагы жерлерди пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 30.03.2018 · № 176
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 04.11.2024 · № 665
- Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 28-октябрындагы № 8/1 "Кара-Суу айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги жер участокторун башкаруу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 28.10.2022 · № 8/1
- Курама айылдык кеңешинин 2021-жылдын 19-августундагы № 10 "Кичи ГЭС курганга, айыл чарба багытындагы жайыт түрүнө кирген жерлерди трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө"Постановление · 19.08.2021 · № 10
- "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындягы № 169 токтому менен бекитилген)Временное положение · 19.03.2014 · № 169 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 04.11.24 №665 токтомуПостановление · 04.11.2024 · № 665
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө…Постановление · 23.09.2011 · № 571
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы № 176 "Запастагы жерлерди пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 30.03.2018 · № 176
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 04.11.2024 · № 665
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 19.03.2014 · № 169 · Күчүн жоготкон