Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Курама айылдык кеңешинин «Кичи ГЭС курганга, айыл чарба багытындагы жайыт түрүнө кирген жерлерди трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө»
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезексиз V сессиясы 2021-жылдын 19-августу № 10 Кичи ГЭС курганга, айыл чарба багытындагы жайыт түрүнө кирген жерлерди трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө “Кадастр” мамлекеттик мекеменин Панфилов жергиликтүү бөлүмүнүн 2021-жылдын 8-апрелинде берилген катына ылайык жана ал катка тиркелген Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын жер маселелери боюнча комиссиянын корутундусуну, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 35, 2019-жылдын 30-июлундагы №382, 2021-жылдын 22-апрелиндеги № 164 токтомдорунун редакцияларына ылайык, 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобонун” негизинде берилген, тиркемеге ылайык Курама айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси Т.А.Усубалиевтин, маалыматын угуп жана талкуулап, кичи ГЭС куруу үчүн айыл чарба багытындагы жайыт түрүнө кирген жер участокторун которууга (трансформациялоого) мүмкүнбү же мүмкүн эмес экендигин карап чыгуу зарылдыгы айтылды. Азыркы учурда, айыл өкмөтүнүн калкынын жашоо сапатын жогорулатуу жана жаңы жумуш орундарын пайда кылуу максатында, Курама айыл округунун аймагында энергиянын кайра жаралуучу булактар объектилерин курууга жер участоктор бөлүп берүү зарылдыгы келип чыкты. Мындан тышкары, объектин тургузулуусунда жана эксплуатациясында, калктын энергетикалык коопсуздугу камсыздалат, дагы суунун чогултуусуна жана рационалдык колдонуусуна мүмкүнчүлүк берет, бул иштин эсебинен, калктын жана дыйкан (фермер) чарбаларын суугат суу менен камсыздоосу жакшыртылаары белгиленди. Бул максатка ылайык кичи гидроэлектростанциясын жана суу сактагычын Жарлы-Каинда дарыянын жайылмасына куруу туура болору жана анын эсебинен Курама айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча киреше түшөрү айтылды. Мындан тышкары калктын социалдык багытталган катмарларын энергия менен камсыз кылуу көйгөйүн чечүүгө мүмкүнчүлүк берерин, депутаттар белгилей кетишти. Муну менен бирге, Орто-Арык айылынын 1200 сандагы калкы башка суу булактары жок болгондуктан, Жарлы-Каинда дарыясы аркылуу ачык суу булагынан суу алышат. Жарлы-Каинда дарыя жайылмасында кичи ГЭСтерди куруу, Орто-Арык айылынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу, түз көз карандыкка алып келет. Депутаттар кичи ГЭСтердин курулушу айыл тургундарынын ден соолугуна зыян келтирбейби деген тынчсыздандыруусун айтып кетишти. Кичи ГЭСтерди курууга, жерлерди трансформациялоо жана андан кийин бөлүп берүүсүнүн эң негизги шарттарынын бири болуп Орто-Арык айыл тургундарын таза суу системасы менен камсыз кылуусу бардык техникалык жана экологиялык коопсуздук нормаларына жооп берүүсү эске алынсын деп белгиленди. Жогоруда айтылгандын негизинде Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9 чакырылышы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жарлы-Каинда дарыянын жайылмасында жайгашкан айыл чарба багытындагы жайыт түрүнө кирген жер участокторун башка багытка которуу трансформациялоо мүмкүн деп саналсын.
2. Кичи ГЭСтерди курганга, жер участокторду трансформациялоодо жана андан аркы бөлүп берүүдө, Орто-Арык айылын таза суу системасы бардык экологиялык жана техникалык коопсуздук нормаларга жооп берүүсү менен камсыздалсын.
3. Панфилов мамлекеттик райондук администрациясына жана “Кадастр” мамлекеттик мекеменин Панфилов жергиликтүү бөлүмүнө өтүнүч кат жиберилсин, Курама айыл өкмөтүнө, кичи ГЭСтерди курганга жер участокторун трансформациялоодо жана андан аркы бөлүп берүүдө, Жарлы-Каинда жайылмасындагы жер участокторунун оптималдуу жайгашуусун жана болжолдуу инвесторлорду тартуу менен инженердик изилдөөлөр, жерлердин рельефин эске алуусу менен кылынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо туруктуу жер маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Курама айылдык кеңештин төрагасы
Р.Р. Мамбеталиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 35 "Запастагы жерлерди түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 31.01.2019 · № 35
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 19.03.2014 · № 169 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.