Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 июня 2022 года № 335 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-06-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 27-январы № 28 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 199 токтому менен жактырылган "Саясий мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган жарандардын соттуулугу жөнүндөгү маселе боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 199 "Саясий мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган жарандардын соттуулугу жөнүндөгү маселе боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
А.Э. Новиков
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу 1-берене. "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 999-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын төмөнкү жараны аким боло албайт:
- кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу бар;
- мыйзамда белгиленген тартипте соттуулугу жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан, оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар;
- кынтыксыздык талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун чакыртып алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 10
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 199 "Саясий мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган жарандардын соттуулугу жөнүндөгү маселе боюнча Кыргыз…Постановление · 11.04.2018 · № 199 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 96 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндөЗакон · 13.06.2011 · № 37 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 199 "Саясий мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган жарандардын соттуулугу жөнүндөгү маселе боюнча Кыргыз…Постановление · 11.04.2018 · № 199 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон