КР Өкмөтүнүн «Саясий мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган жарандардын соттуулугу жөнүндөгү маселе боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 27 января 2021 года № 28 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О местной государственной администрации"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-01-27.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 28 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 11-апрели № 199 "Саясий мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган жарандардын соттуулугу жөнүндөгү маселе боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-берененин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Саясий мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган жарандардын соттуулугу жөнүндөгү маселе боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Исаков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Саясий мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган жарандардын соттуулугу жөнүндөгү маселе боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 999-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Төмөнкүлөрү бар Кыргыз Республикасынын жараны аким боло албайт:
- кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу;
- соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан анча оор эмес, оор же өзгөчө оор кылмышты жасагандыгы үчүн соттуулугу;
- башка мамлекеттин жарандыгы.".
2-берене. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 42-беренесинин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Төмөнкүлөрү бар Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло албайт:
- кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу;
- соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан анча оор эмес, оор же өзгөчө оор кылмышты жасагандыгы үчүн соттуулугу.";
2) 48-беренесинин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Төмөнкүлөрү бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло албайт:
- кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу;
- соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан анча оор эмес, оор же өзгөчө оор кылмышты жасагандыгы үчүн соттуулугу.".
3-берене. "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1195-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 22-беренесинин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Төмөнкүлөрү бар Кыргыз Республикасынын жараны Бишкек шаарынын мэри боло албайт:
- кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу;
- соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан анча оор эмес, оор же өзгөчө оор кылмышты жасагандыгы үчүн соттуулугу;
- башка мамлекеттин жарандыгы.".
4-берене. "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1196-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 22-беренесинин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Төмөнкүлөрү бар Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло албайт:
- кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу;
- соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан анча оор эмес, оор же өзгөчө оор кылмышты жасагандыгы үчүн соттуулугу;
- башка мамлекеттин жарандыгы.".
5-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 28 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 27.01.2021 · № 28 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Борбордун статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 218
- Ош шаарынын статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 219
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 96 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндөЗакон · 13.06.2011 · № 37 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 28 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 27.01.2021 · № 28 · Күчүн жоготкон