Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 „Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85, 86 жана 89-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 22 февраля 2022 года № 93 "О мерах по реализации требований статей 99, 100, 120, 125, 302 и 324 Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-12-31.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 31-декабры № 641
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85, 86 жана 89-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"COVID-19" коронавирус инфекциясынын пандемия шарттарында ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85, 86 жана 89-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1) аталган токтом менен бекитилген, Салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө берүү тартиби жөнүндө жободо:
1-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "фискалдык маалыматтар оператору - маалыматтарды чогултуунун жана ыйгарым укуктуу салык органына же Кыргыз Республикасында товарларды маркалоо жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүү улуттук системасынын операторуна гана корголгон түрдө берүүнүн техникалык процессин камсыз кылган уюм;";
- 3, 4 жана 13-пункттарында "электрондук документ жүгүртүү оператору" деген сөздөр "фискалдык маалыматтар оператору" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) аталган токтом менен бекитилген, Салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө берүүгө өтүүнүн тартиби жана мөөнөттөрүндө:
1 жана 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "1. Ушул Тартиптин 2-главасына ылайык белгиленген мөөнөттөргө ылайык салык төлөөчүлөр тарабынан берилген электрондук документ түрүндөгү салыктык отчеттуулукка квалификациялык электрондук кол тамга коюлат.
2. Ушул Тартиптин 3-главасына ылайык белгиленген мөөнөттөргө ылайык салык төлөөчүлөр тарабынан берилген электрондук документ түрүндөгү салыктык отчеттуулукка жөнөкөй электрондук кол тамга коюлат.";
- 2-главанын аталышында "Салыктык отчеттуулукту" деген сөздөргө чейин "Квалификациялык электрондук кол тамга коюлган, " деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пунктунда:
1) биринчи абзацында "Салыктык отчеттуулукту" деген сөздөргө чейин "Квалификациялык электрондук кол тамга коюлган, " деген сөздөр менен толукталсын;
2) таблицанын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"
2
Ушул таблицанын 1-пунктунда көрсөтүлбөгөн уюмдар, дыйкан фермердик чарбалардан тышкары
2022-жылдын 1-январынан
3) таблицанын 3-пункту жокко чыгарылсын;
- 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-глава менен толукталсын:
"3-глава. Жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган, салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө берүүгө өтүү мөөнөттөрү
5. Жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган, салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө милдеттүү түрдө берүүгө өтүү салык төлөөчүлөр тарабынан төмөнкү мөөнөттөрдө ишке ашырылат:ё
№
Салык төлөөчүлөр
Өтүү мөөнөттөрү
1
Уюмдар
2021-жылдын 1-апрелинен
2
Жеке ишкерлер
2022-жылдын 1-январынан
6. Салык төлөөчүлөр жана жеке жактар салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө милдеттүү берүүгө өтүү үчүн белгиленген мөөнөткө чейин салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө ыктыярдуу тартипте бере алышат.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
А.Э. Новиков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- " Салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө берүү тартиби жөнүндө ЖОБО" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомуна)Положение · 12.12.2018 · № 580
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85, 86 жана 89-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 12.12.2018 · № 580 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы №93 токтомуПостановление · 22.02.2022 · № 93
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 99, 100, 120, 125, 302 жана 324-беренелеринин талаптарын…Постановление · 22.02.2022 · № 93
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85, 86 жана 89-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 12.12.2018 · № 580 · Күчүн жоготкон