КР Өкмөтүнүн «Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы» автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 30-октябры № 526 "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207 токтомунун редакциясына ылайык) "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы:
- электрондук документ жүгүртүү системасынын баланстык наркын аныктасын;
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине "Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык электрондук документ жүгүртүү системасына мүлктүк укуктарды өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети ушул токтомдун 2-пунктуна ылайык мүлктүк укукту өткөрүп берүү процесси аяктагандан кийин эки айлык мөөнөттө электрондук документ жүгүртүү системасын балансына кабыл алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана мекемелер, ыкчам-издөө иштерин жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан (бажы-органдарынан тышкары), коргоо, өзгөчө кырдаал жана финансылык чалгындоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан тышкары, ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Жобону жетекчиликке алсын жана бир айдын ичинде;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын сот системасынын органдарына (макулдашуу боюнча), башка мамлекеттик органдарга (макулдашуу боюнча) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жобону жетекчиликке алуу сунушталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде тиешелүү жылга каралган финансылык каражаттардын чегинде электрондук документ жүгүртүү системасын техникалык жактан тейлөөнү каржылоону өз учурунда камсыздасын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 22 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (22)
- "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 526…Положение · 30.10.2020 · № 526
- "Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоо тартиби жөнүндө" Нускама" (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын…Инструкция · 29.12.2023 · № 733
- Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2022-жылдын 23-декабрындагы № 12-4 "Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн" регламентиРегламент · 23.12.2022 · № 12-4
- Айыл өкмөтүнүн (Ак-Жар айылдык кеңешинин 2023-жылдын 21-июлундагы № 68 токтомуна ылайык) Типтүү РегламентиТиповой регламент · 21.07.2023 · № 68
- Кара-Буура айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-июлундагы № 23 "Кара-Буура айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.07.2023 · № 23
- Төрт-Гүл айылдык аймагынын Төрт-Гүл айылдык кеӊешинин 2025-жылдын 20-январындагы № 14-4 "Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Регламент бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.01.2025 · № 14-4
- Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 21-февралы № 18-2 "Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.02.2023 · № 18-2
- Савай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-январы № 2 "Савай айыл өкмөтүнүн Типтүү Регламентин бекитип берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.01.2023 · № 2
- Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 31-январындагы №14 "Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.01.2024 · № 14
- “Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн иштөө Регламенти “ РЕГЛАМЕНТИ (Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2024-жылынын 19-апрелиндеги №3 токтомуна)Регламент · 19.04.2024 · № 3
- "Терек-Сай айыл өкмөтүнүн Типтүү Регламенти" (Терек-Сай айылдык кеңешинин 2024-жылынын 29-мартындагы №4 токтомуна)Регламент · 29.03.2024 · № 4
- “Кара-Камыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Регламенти” Регламент (Кара-Камыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылынын 07-июнуньдагы №4/2 токтомуна)Регламент · 07.06.2024 · № 4/2
- Папан айылдык кеңешинин 2023-жылдын 7-июлундагы № I "Папан айыл өкмөтүнүн типтүү регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.07.2023 · № I
- Айыл өкмөтүнүн Типтүү Регламенти (Алтын-Булак айылдык кеңешинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 41 токтомуна ылайык)Типовой регламент · 15.09.2022 · № 41
- Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 10 "Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн иш Регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.02.2023 · № 10
- Кара-Суу айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-октябрындагы № 3 "Кара-Суу айыл өкмөтүнүн типтүү регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.10.2022 · № 3
- Мырза-Аке айылдык кенешинин 2025-жылдын 17-январы № 19 Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө токтомуПостановление · 17.01.2025 · № 19
- Манас айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-апрели № 24/7 “Манас айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн документтер менен иштөөнүн Регламентин бекитүү жөнүндө” токтомуПостановление · 19.04.2024 · № 24/7
- Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2022-жылдын 29-октябрындагы № 60 "Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.10.2022 · № 60
- Жазы айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-cентябрындагы № 21/108 "Жазы айыл өкмөтүнүн Типтүү регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.09.2023 · № 21/108
22 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (5)
- "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 526…Положение · 30.10.2020 · № 526
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Электрондук башкаруу жөнүндөЗакон · 19.07.2017 · № 127 · Күчүн жоготкон
- О правовой охране программ для электронных вычислительных машин и баз данныхЗакон · 30.03.1998 · № 28 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 235 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 526 "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик…Постановление · 30.04.2022 · № 235
- О внесении изменений и дополнений в таможенный кодекс Кыргызской РеспубликиЗакон · 27.08.1998 · № 119 · Күчүн жоготкон