Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5 июнундагы № 303 «»2019-жылдын 12-декабрында Абу-Даби шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 5 июну № 303 "2019-жылдын 12-декабрында Абу-Даби шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2019-жылдын 12-декабрында Абу-Даби шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2019-жылдын 12-декабрында Абу-Даби шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
К.А. Боронов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 12-декабрында Абу-Даби шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу 1-берене. 2019-жылдын 12-декабрында Абу-Даби шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги араб тарапка жогоруда аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-июнундагы № 303 токтому менен жактырылган
2019-жылдын 12-декабрында Абу-Даби шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ 2019-жылдын 12-декабрында Абу-Даби шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо (мындан ары - Келишим) Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүү элементи болуп саналат. Келишим соттолгон адамдарды өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда укуктук базаны калыптандыруу максатында түзүлгөн. Келишим Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы эл аралык мамилелердин реалдуу муктаждыгына шайкеш келет, ал эми Келишимди иш жүзүнө ашыруу укуктук чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүү жана тереңдетүү үчүн таасирдүү шарттарды түзөт. Келишимдин 22-беренесине ылайык бул эл аралык Келишим ратификацияланууга тийиш жана ратификациялык грамоталар алмашылган күндөн тартып отузунчу күнү күчүнө кирет. Келишимди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар тийиштүү мамлекеттик органдардын каражаттарынын чегинде каржыланат. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Келишимдин долбоору кол коюлганга чейин белгиленген тартипте мамлекеттик органдар менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламент боюнча комитеттери менен макулдашылып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 10-декабрындагы № 272 буйругу менен жактырылган. Келишимге 2019-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарына болгон расмий иш-сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору кол койгон. Келишим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт. Келишимди ратификациялоо финансы-экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 4180-VI "2019-жылдын 12-декабрында Абу-Даби шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын…Постановление · 25.11.2020 · № 4180-VI
- КР ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН 2020-жылдын 4-ноябрындагы N 4154-VI "2019-жылдын 12-декабрында Абу-Даби шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын…Постановление · 04.11.2020 · № 4154-VI
- КР Жогорку Кеӊешинин 2020-жылдын 02-декабрындагы № 4197-VI "2019-жылдын 12-декабрында Абу-Даби шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын…Постановление · 02.12.2020 · № 4197-VI
Шилтеме берет (5)
- КР Президентинин 2019-жылдын 10-декабрындагы ПБ № 272 (Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин…Распоряжение · 10.12.2019 · № 272
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- 2019-жылдын 12-декабрында Абу-Даби шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди…Закон · 05.01.2021 · № 1
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон