Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогорку жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 30-декабры № 718 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогорку жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355, 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө" токтомуна 2-тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна 3-тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Д. Абдылгазиев
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алууну жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна киргизилүүчү өзгөртүүлөр Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибинде:
- 1.5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1.5. Жождорго тездетилген программалар боюнча окутууга ар түрдүү деңгээлдердеги жогорку кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплому бар адамдар кабыл алынат. Жождорго тийиштүү адистиктерге тездетилген программалар боюнча окутууга тийиштүү профилдеги орто кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплому бар адамдар кабыл алынат. Орто кесиптик билимдин профили жогорку кесиптик билимдин профилине шайкештиги жож тарабынан өз алдынча аныкталат.";
- 1.6-пунктундагы "тийиштүү багыт боюнча" жана "жакын адистик боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
- 2.7-пунктундагы "Экинчи жана кийинки курстарга" деген сөздөр "Тездетилген программалар боюнча окутууга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5.11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.11. Жожго тездетилген программа боюнча окутууга кабыл алуу жогорку же орто кесиптик билим алууда өтүлгөн айрым сабактарды окутуунун жана башка окутуу иш-чараларынын натыйжаларын кайрадан аттестациялоонун (кайра зачет тапшыруунун) негизинде ишке ашырылат. Окутуунун натыйжаларын кайрадан аттестациялоо (кайра зачет тапшыруу) жож тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт. Мында тездетилген программаларды ишке ашырууда окутуунун мөөнөтү башка билим берүү программасы боюнча орто кесиптик билим жана (же) жогорку билим алууда студент өздөштүргөн (өткөн) айрым Дисциплиналар (модулдар) жана (же) айрым практикалар боюнча окутуунун натыйжаларын толук же жарым-жартылай кайрадан аттестациялоонун (кайра зачет тапшыруунун) жыйынтыгы менен аныкталат.".
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө" токтомуна киргизилүүчү өзгөртүүлөр
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
1) Жогоруда аталган токтомдун 2-пунктунун бешинчи жана алтынчы абзацтарындагы "академиялык даражасын" деген сөздөр "квалификациясын" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) аталган токтом менен бекитилген Бүтүрүүчүгө "бакалавр" академиялык даражасын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттарынын тизмегинде:
- Тизмектин аталышындагы "академиялык даражасын" деген сөздөр "квалификациясын" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "Академиялык даражанын аталышы" графасындагы "Академиялык даражанын аталышы" деген сөздөр "Квалификациянын аталышы" деген сөздөр менен алмаштырылсын";
- "Гуманитардык илимдер" бөлүмүндө:
"Компьютердик лингвистика" позициясы алып салынсын; "Дене тарбия" деген сөздөр "Дене тарбия жана спорт" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй позиция менен толукталсын: "
532500
Ден соолугунда мандеми бар адамдар үчүн дене тарбия (адаптивдүү дене тарбия)
Бакалавр
";
- "Социалдык илимдер" бөлүмүнүн расмий тилдеги текстиндеги "541000" деген цифралар "540100" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- "Экономика жана башкаруу" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
581100
Товар таануу
Бакалавр
";
- "Айыл чарбасы" бөлүмүндө:
бөлүмдүн аталышындагы "чарбасы" деген сөз "чарба жана айыл чарба илимдери" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "Ветеринария" деген сөз "Ветеринардык-санитардык экспертиза" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "Балык чарба" позициясы алып салынсын; төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын: "
610800
Балык уулоо жана аквакультура
Бакалавр
610900
Айыл чарба илимдери
Бакалавр
611000
Бак өстүрүүчүлүк
Бакалавр
611100
Жайыттарды башкаруу
Бакалавр
";
- "Транспорттук техника жана технология" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын:
"
670400
Транспорттук-технологиялык машиналар жана аба транспортунун системалары
Бакалавр
670500
Транспорттук-технологиялык машиналарды, аба транспортунун комплекстерин жана системаларын эксплуатациялоо
Бакалавр
670600
Аба транспортундагы транспорттук процесстердин технологиясы
Бакалавр
670700
Учуучу аппараттарды жана кыймылдаткычтарды техникалык эксплуатациялоо
Бакалавр
670800
Авиациялык электр системаларын жана пилотаждык-навигациялык комплекстерди техникалык эксплуатациялоо
Бакалавр
";
- "Автоматташтыруу жана башкаруу" бөлүмүндө:
"Сапатты башкаруу" деген сөздөрдөн кийин "(тармактар боюнча)" деген сөздөр менен толукталсын; "Стандартташтыруу, сертификатташтыруу жана метрология" деген сөздөр "Стандартташтыруу жана метрология (тармактар боюнча)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар" деген бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
710600
Компьютердик лингвистика
Бакалавр
";
- "Архитектура жана курулуш" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
750600
Гидротехникалык курулуш
Бакалавр
";
- Тизмек төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү.
1. Бүтүрүүчүгө "бакалавр" академиялык даражасын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттарынын тизмегине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштар билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет. Сунуштарга негиз катары төмөнкү материалдар тиркелет:
- даярдоо багытынын илимий жана практикалык маанилүүлүгүн негиздөө;
- даярдоо багытынын айырмалоочу белгилери;
- жаңы даярдоо багытынын өнүгүү келечектери жана эмгек рыногунда болжолдонгон керектөөсү;
- мамлекеттик билим берүү стандартынын жана болжолдуу окуу планынын долбоорлору;
- Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн тиешелүү окуу-методикалык бирикмесинин корутундусу.
2. Негиздемеде сунушталган даярдоо багытын колдонуудагы даярдоо багыттарынын алкагында ишке ашыруу мүмкүн эместигинин себептери көрсөтүлөт.";
6) аталган токтом менен бекитилген Бүтүрүүчүгө "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттарынын тизмегинде:
- Тизмектин аталышындагы "академиялык даражасын" деген сөздөр "квалификациясын" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "Академиялык даражанын аталышы" графасындагы "Академиялык даражанын аталышы" деген сөздөр "Квалификациянын аталышы" деген сөздөр менен алмаштырылсын";
- "Гуманитардык илимдер" бөлүмүндө:
"Компьютердик лингвистика" позициясы алып салынсын; "Дене тарбия маданияты" деген сөздөр "Дене тарбия жана спорт" деген сөздөр менен алмаштырылсын; мамлекеттик тилдеги текстиндеги "Спорттун, ден-соолуктун туризми жана рекреация" позициясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "
532100
Рекреация жана спорттук-ден соолукту чыңдоочу туризм
Магистр
"; төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын: "
532200
Укук коргоо иши
Магистр
532500
Ден соолугунда мандеми бар адамдар үчүн дене тарбия (адаптивдүү дене тарбия)
Магистр
";
- "Экономика жана башкаруу" бөлүмүндө:
"Персоналдарды башкаруу" деген сөздөр "Ишкердик администрациялоо (тармактар боюнча)" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын: "
581100
Товар таануу
Магистр
581200
Адам ресурстарын башкаруу
Магистр
";
- "Айыл чарбасы" бөлүмүндө:
бөлүмдүн аталышындагы "чарбасы" деген сөздөр "чарба жана айыл чарба илимдери" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "Ветеринария" деген сөз "Ветеринардык-санитардык экспертиза" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "Балык чарба" позициясы алып салынсын; төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын: "
610800
Балык уулоо жана аквакультура
Магистр
610900
Айыл чарба илимдери
Магистр
611000
Бак өстүрүүчүлүк
Магистр
611100
Жайыттарды башкаруу
Магистр
";
- "Транспорттук техника жана технология" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын:
"
670400
Транспорттук-технологиялык машиналар жана аба транспортунун системалары
Магистр
670500
Транспорттук-технологиялык машиналарды, аба транспортунун комплекстерин жана системаларын эксплуатациялоо
Магистр
670600
Аба транспортундагы транспорттук процесстердин технологиясы
Магистр
670700
Учуучу аппараттарды жана кыймылдаткычтарды техникалык эксплуатациялоо
Магистр
670800
Авиациялык электр системаларын жана пилотаждык-навигациялык комплекстерди техникалык эксплуатациялоо
Магистр
";
- "Автоматташтыруу жана башкаруу" бөлүмүндө:
"Сапатты башкаруу" деген сөздөрдөн кийин "(тармактар боюнча)" деген сөздөр менен толукталсын; "Стандартташтыруу, сертификатташтыруу жана метрология" деген сөздөр "Стандартташтыруу жана метрология (тармактар боюнча)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар" деген бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
710600
Компьютердик лингвистика
Магистр
";
- "Архитектура жана курулуш" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
750600
Гидротехникалык курулуш
Магистр
";
- Тизмек төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү.
1. Бүтүрүүчүгө "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттарынын тизмегине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштар билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет. Сунуштарга негиз катары төмөнкү материалдар тиркелет:
- даярдоо багытынын илимий жана практикалык маанилүүлүгүн негиздөө;
- даярдоо багытынын айырмалоочу белгилери;
- жаңы даярдоо багытынын өнүгүү келечектери жана эмгек рыногунда болжолдонгон керектөөсү;
- мамлекеттик билим берүү стандартынын жана болжолдуу окуу планынын долбоорлору;
- Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн тиешелүү окуу-методикалык бирикмесинин корутундусу.
2. Негиздемеде сунушталган даярдоо багытын колдонуудагы даярдоо багыттарынын алкагында ишке ашыруу мүмкүн эместигинин себептери көрсөтүлөт.";
7) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бүтүрүүчүгө "адис" квалификациясын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн адистиктеринин тизмегинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы бөлүмдөр жана позициялар менен толукталсын:
"
520000
Дисциплина аралык адистиктер
520001
Тармактык экономика
Инженер-экономист
650000
Материал таануу, металлургия жана машина куруу
650001
Түстүү металлдардын металлургиясы
Инженер-металлург
670000
Транспорттук техника жана технологиялар
670001
Темир жолдорунун кыймылдуу курамы
Жол каттамдарынын инженери
";
- "Геодезия жана жерге жайгаштыруу" бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
620000
Геодезия жана жерге жайгаштыруу
620001
Колдонмо геодезия
Кен инженери
";
- "Геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү" бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
630000
Геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү
630001
Колдонмо геология
Кен инженер-геологу
630002
Геологиялык чалгындоонун технологиясы
Кен инженер-геологу
630003
Кен иши
Кен инженери
630004
Кен же мунай газ өндүрүшүндөгү физикалык процесстер
Кен инженери
";
- "Архитектура жана курулуш" бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
750000
Архитектура жана курулуш
750001
Темир жолдорду, көпүрөлөрдү жана транспорттук тоннелдерди куруу жана эксплуатациялоо
Жол каттамдарынын инженери
";
- Тизмек төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү.
1. Бүтүрүүчүгө "адис" квалификациясын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн адистиктеринин тизмегине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштар билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет. Сунуштарга негиз катары төмөнкү материалдар тиркелет:
- адистиктин илимий жана практикалык маанилүүлүгүн негиздөө;
- адистиктин айырмалоочу белгилери;
- жаңы адистиктин өнүгүү келечектери жана эмгек рыногунда болжолдонгон керектөөсү;
- мамлекеттик билим берүү стандартынын жана болжолдуу окуу планынын долбоорлору;
- Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн тиешелүү окуу-методикалык бирикмесинин корутундусу.
2. Негиздемеде сунушталган адистикти колдонуудагы адистиктердин алкагында ишке ашыруу мүмкүн эместигинин себептери көрсөтүлөт.".
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна киргизилүүчү өзгөртүүлөр
1) Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүсүнүн адистиктеринин тизмесинде:
- "040000. Социология жана социалдык иш" бөлүмүндөгү "Физикалык терапия", "Социалдык кызматты башкаруу", "Социалдык иштеги супервизия" позициялары алып салынсын;
- "060000. Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
060113
Физикалык терапия
Физикалык терапевттин жардамчысы
1 жыл 10 ай
2 жыл 10 ай
Жол берилбейт
Жол берилбейт
Жол берилбейт
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 23.08.2011 · № 496
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуунун ТАРТИБИ ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-майындагы № 256 токтому менен бекитилген)Порядок · 27.05.2011 · № 256
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.03.2018 · № 160
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук…Постановление · 30.06.2022 · № 355
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 20-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.К. Нарматованын билими…Постановление · 20.01.2022 · № 4
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлунун № 371 "Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү…Постановление · 08.07.2024 · № 371
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлунун № 371 "Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү…Постановление · 08.07.2024 · № 371
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 23.08.2011 · № 496
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.03.2018 · № 160
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук…Постановление · 30.06.2022 · № 355
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 " Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алууну жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.05.2011 · № 256 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон