Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 61-главасын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 25-декабры № 625 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 61-главасын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 61-главасын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85 жана 86-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Майнингге салык боюнча отчетту толтуруу жана берүү тартиби FORM STI-163, 1-тиркемеге ылайык;
- Майнингге салык боюнча отчеттун формасы FORM STI-163, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 61-1-пункт менен толукталсын:
"61-1. Майпингге салык төлөө режимин колдонууну ниеттенген салык төлөөчү салыктык катталган жери боюнча салык органына аны майнингге салык төлөөчү катары каттоо жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү. Салык органы салык төлөөчү тарабынан майнингге салык төлөнгөндүгү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматына майнингге салык төлөө режимин колдонуу жөнүндө маалыматты киргизүүнү;
- FORM STI-025 формасы боюнча салык төлөөчүнүн каттоо картасын толтурууну;
- каттоо картасынын 1 нускасын салык төлөөчүгө тапшырууну (жиберүүнү).";
- жогоруда аталган Жобонун 3-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-январындагы № 1 (3180) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
А.Э. Новиков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (3)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 ""Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.04.2011 · № 144 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Майнингге салык боюнча отчетту толтуруу жана берүү ТАРТИБИ FORM STI-163 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-декабрындагы № 625 токтомуна)Порядок · 25.12.2020 · № 625
- "Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө" ЖОБО ("Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 токтому менен бекитилген)Положение · 16.01.2016 · № 12 · Күчүн жоготкон