КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-11-19.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 19-ноябры № 569 Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынан (реэкспорт, транзит, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамдарды кошпогондо) айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) тиркелген тизмекке (мындан ары - Тизмек) ылайык алты айлык мөөнөткө, ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып беш күн өткөндөн кийин киргизилүүчү убактылуу тыюу салуу белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбей ушул токтомдун 1-пунктунда аталган убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын;
- ушул токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тышкы соода ишин жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмумун Коргоо чаралары боюнча комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбей ушул токтомдун 1-пунктунда аталган убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда аталган айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн мыйзамсыз ташып чыгууга (экспорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүшсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 174 "Кыргыз Республикасынан айрым товарлардын түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен сыртка ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө";
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-майындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 174 "Кыргыз Республикасынан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
А.Э. Новиков
Тиркеме
Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен сыртка ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу белгиленген айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнүн тизмеги
№
Товардын аталышы
ЕАЭБ ТЭИ ТН коду
1
Тирүү жылкы
0101
2
Ири мүйүздүү тирүү мал
0102
3
Тирүү койлор жана эчкилер
0104
4
Тирүү үй канаттуулары: тооктор (Gallus domesticus), өрдөктөр, каздар, индейкалар жана куштар
0105
5
Буудай жана меслин
1001
6
Арпа
1003
7
Жүгөрү
1005
8
Күрүч
1006
9
Буудай уну
1101 00
10
Өсүмдүк майы
1512, 1512 11 990 1 (сафлор майы) кошпогондо
11
Кумшекер
1701 99
12
Тоок жумурткасы
0407 11 000 0, 0407 21 000 0
13
Иоддолгон тамакка салынуучу түз
2501 00 91
14
Тоют (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин тоюту)
2302ден 1214 90 900 0
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 174 "Кыргыз Республикасынан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.03.2020 · № 174 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-майындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 174 "Кыргыз Республикасынан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга…Постановление · 15.05.2020 · № 251 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 174 "Кыргыз Республикасынан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.03.2020 · № 174 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-майындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 174 "Кыргыз Республикасынан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга…Постановление · 15.05.2020 · № 251 · Күчүн жоготкон