Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 19 ноября 2020 года № 569 "О введении временного запрета на вывоз (экспорт) отдельных видов сельскохозяйственных товаров из Кыргызской Республики за пределы таможенной территории Евразийского экономического союза"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-11-19.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 569 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 22-марты № 174 Кыргыз Республикасынан айрым товарлардын түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен сыртка ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-майындагы № 251 токтомунун редакциясына ылайык) 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген тизмеге ылайык Кыргыз Республикасынан айрым товарлардын түрлөрүн (реэкспорттон, транзиттен жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамдан тышкары) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен сыртка ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-майындагы № 251 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- ушул токтом күчүнө киргенден тартып үч күндөн кечиктирбей ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды экспорттоого убактылуу тыюу салынгандыгы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын;
- ушул токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тышкы соода ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө киргенден тартып үч күндөн кечиктирбей ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн тыюу салууну киргизүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган товарларды мыйзамсыз ташып чыгууну (экспорттоону) токтотууга багытталган зарыл болгон чараларды көрүшсүн;
- ЕАЭБ ТЭИ ТН коддордун, ошондой эле ушул токтомдун 1-пунктунда аталган тизмеге ылайык товарлардын аталыштарын жетекчиликке алышсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Д. Абылгазиев
Тиркеме
Кыргыз Республикасынан үчүнчү мамлекеттерге ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынган айрым товарлардын түрлөрүнүн тизмеги (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-майындагы № 251 токтомунун редакциясына ылайык)
№
Товардын аталышы
ЕАЭБ ТЭИ ТН коду
1.
Буудай жана меслин
1001
2.
Буудай уну
1101 00
3.
Өсүмдүк майы
1512ден
4.
Куруч
1006дан
5.
Макарон азыктары
1902*ден
6.
Кум шекер
1701 99
7.
Tooк жумурткасы
0407 11 000 0, 0407 21 000 0
8.
Йоддолгон тамак-аш тузу
2501 00 91
9.
Тоют (чөп, саман, комбикорм, кебек жана дан тоюттары
1214 90 900 0, 2302ден, 2309*дан
10.
Бактерияга каршы каражаттар
3401 20 900 0**
11.
Дезинфекциялоочу каражаттар
3808ден,
Эскертүү: (*) Кыргыз Республикасынан ЕАЭБ ТЭИ ТН 1902ден коду менен классификацияланган тез даярдалуучу кесмелерди жана ЕАЭБ ТЭИ ТН 2309дан коду менен классификацияланган башка тоют концентраттарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен сыртка ташып чыгуу (экспорттоо) төмөнкүлөрдүн негизинде ишке ашырылат:
- ташып чыгарылуучу товарлардын ар бир партиясына берилген ташып чыгуунун (экспорттоонун) максатка ылайыктуулугу тууралуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин корутундусунун;
- товардын Кыргыз Республикасынан өндүрүлгөндүгү жөнүндө сертификаттын;
(**) Кыргыз Республикасынан ЕАЭБ ТЭИ ТН 3401 20 900 0 коду менен классификацияланган бактерияларга каршы каражаттарды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен сыртка ташып чыгаруу (экспорттоо) төмөнкүлөрдүн негизинде ишке ашырылат:
- ташып чыгарылуучу товарлардын ар бир партиясына берилген ташып чыгуунун (экспорттоонун) максатка ылайыктуулугу тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин корутундусунун;
- товардын Кыргыз Республикасынан өндүрүлгөндүгү жөнүндө сертификаттын.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып…Постановление · 19.11.2020 · № 569 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-майындагы № 251 токтомуПостановление · 15.05.2020 · № 251
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 569 токтомуПостановление · 19.11.2020 · № 569
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-майындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 174 "Кыргыз Республикасынан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга…Постановление · 15.05.2020 · № 251 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып…Постановление · 19.11.2020 · № 569 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 26-б (Автомашиналарды өткөрүп берүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 09.02.2011 · № 26-р