Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акча каражаттарын кириштөө жана эсепке алуу тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна)
Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 353 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акча каражаттарын кириштөө жана эсепке алуу тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын (мындан ары - укук коргоо жана көзөмөлдөө органдары) ишинин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан түшкөн акча каражаттарын кириштөөнүн жана эсепке алуунун бирдиктүү эрежелерин аныктайт.
2. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акча каражаттарына карата колдонулат.
2. Мамлекетке кайтарылып алынуучу акча каражаттарын кириштөө жана эсепке алуу
3. Кылмыштар жана жоруктар боюнча укук коргоо жана көзөмөлдөө органдары тарабынан мамлекетке кайтарылып алынуучу каражаттар укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын казыналык депозиттик эсептерине чегерилет.
4. Кылмыштар жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө келип түшкөн, орду толтурулган каражаттар укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын тергөөчүлөрүнүн (прокурорлордун) токтомдорунун негизинде, прокурордун укуктук актысы боюнча, укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде, 51 пайыздан ашык мамлекеттик үлүшү бар чарба жүргүзүүчү субъекттерге карата чыгымдын ордун толтуруудан башкалары укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын казыналык депозиттик эсебинен республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге, Социалдык фонддун бюджетине, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине толук көлөмдө которулат.
5. Социалдык чегерүүлөр боюнча орду толтурулган каражаттарды Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду эсепке алат жана мониторинг жүргүзөт.
6. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кайтарылып алынган каражаттарын эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-сентябрындагы № 585 токтомунун редакциясына ылайык)
7. 51 пайыздан ашык мамлекеттин үлүшү бар чарба жүргүзүүчү субъекттердин кайтарылып алынган каражаттарын эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан жүзөгө ашырылат.";
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-сентябрындагы № 585 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Республикалык жана жергиликтүү бюджет боюнча орду толтурулган каражаттарды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эсепке алат жана мониторинг жүргүзөт.
9. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-сентябрындагы N 585 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. Укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын борбордук аппараты ай сайын ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык формада мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарынын реестрин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-сентябрындагы N 585 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акча каражаттарын кириштөө жана эсепке алуу тартибинин 2-тиркемеси
Форма Укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акча каражаттарынын реестри
20__-жылдын __________ айы
________________________________ боюнча
(укук коргоо/көзөмөлдөө органынын аталышы)
(сом)
№
Укук коргоо/көзөмөлдөө органынын аталышы
Ресурстардын администpaтoрлopунун аталышы (МСК, МБК, ММБФ ж.б.)
Төлөөчүнүн аталышы
Төлөөчүнүн ИСНи
Төлөө датасы
Төлөмдүн суммасы (сом)
Төлөм коду
Төлөөнүн багыты же салыктын түрү
1
2
3
4
5
6
8
9
10
Баары
М.О.
Укук коргоо/көзөмөлдөө органынын аталышы _______________________________
М.О.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ________________________
Аткаруучунун аты-жөнү ____________________
Аткаруучунун аты-жөнү _______________________
Аткаруучунун байланыш телефону: __________
Аткаруучунун байланыш телефону: _____________
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июну № 353 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акча каражаттарын…Постановление · 22.06.2020 · № 353
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы №353 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу…Постановление · 17.09.2025 · № 585