Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 9-июну № 320 "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев тарабынан демилгеленген "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
К.А. Боронов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 320 токтому менен жактырылган
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев тарабынан демилгеленген "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди. Негиздеме-маалым катка ылайык жогоруда аталган Мыйзам долбоору менен студенттерди чет өлкөгө окууга жиберген коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин атынан чет өлкөлүк университеттер менен Кыргыз Республикасынын жарандарын окутуу жөнүндө макулдашууларды түзүүгө ыйгарым укук берүү сунушталууда. Атап айтканда Мыйзам долбоорунун 1-беренеси менен "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесин "билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрү" деген түшүнүк менен толуктоо сунушталууда, ал билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен кызматташуу жөнүндө түзүлгөн келишимдин негизинде иштеген жана Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлүк жогорку окуу жайларына окууга жөнөтүү иши менен алектенген коммерциялык жана/же коммерциялык эмес уюмдарды билдирет. Ушуну менен бирге "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык башка мамлекеттердин жарандарын Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында жана Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлүк билим берүү уюмдарында окутуу, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен түзүлгөн мамлекеттер аралык макулдашуулар, ошондой эле билим берүү уюмдары же айрым жарандар менен түзүлгөн келишимдер боюнча жүзөгө ашырылат. Ошол эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү жаатында өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чет өлкөлүк өнөктөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коёт, кол коюлган өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык макулдашууларды ишке ашырат, эл аралык уюмдарда билим берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын белгиленген тартипте коргойт, мыйзам менен аныкталган ыйгарым укуктардын чегинде билим берүү жана илим тармагында эл аралык келишимдерди түзөт. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тийиштүү эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууда тигил же бул уюмдарга ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү маселелери менен байланышкан ченемдерди киргизүүгө укуктуу деп эсептейбиз. Эл аралык келишимдердин долбоорлорунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигин алдын-ала кабарлоо менен чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары менен түз байланыштарды түзүүгө укуктуу коммерциялык жана/же коммерциялык эмес уюмдардын тизмеси менен алмашуу каралышы мүмкүн. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгү менен "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесин үчүнчү абзац менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык "билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта жайгашкан чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары менен түз байланыштарды түзүүгө жана билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан Кыргыз Республикасынын жарандарын окутуу жөнүндө макулдашууну түзүүгө укуктуу. Бул укук билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен кызматташуу жөнүндө түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат, аны түзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат". Ушуну менен бирге "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык ведомстволор аралык эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасы тарабынан чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана эл аралык укуктун башка субъекттери менен Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарынын атынан түзүлөт. "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктуна ылайык, ведомстволор аралык эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасы тарабынан чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар менен жана эл аралык укуктун башка субъекттери менен Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарынын атынан түзүлөт. Ошол эле мезгилде, "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-пунктуна ылайык Президентти, Жогорку Кеңешти жана Өкмөттү кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары дипломатиялык өкүлчүлүктөр, консулдук мекемелер жана чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, эл аралык уюмдар менен өз ара иштешүүнү ыйгарым укуктуу орган аркылуу жүзөгө ашырат. Жогоруда аталган Мыйзамдын 6-беренесинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары аныкталган. Алсак, жогоруда аталган Мыйзамдын 6-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Өкмөт Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ишке ашыруу максатында эл аралык кызматташуу маселелери боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдарынын ишине жетекчилик кылат. Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы № 25 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин түзүү, аткаруу, токтото туруу жана денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) тартиби жөнүндө жобонун 15-пунктуна ылайык атайын ыйгарым укуктарсыз Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерине кол коюу, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү укугу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча, өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилерине гана берилген. Ушуну менен бирге бул ыйгарым укуктар мындай келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын жогоруда аталган жетекчилери тарабынан башка кызмат адамдарына берилет. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 1-тиркемесинин 13-пунктуна ылайык туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча бийликтин өкүлүнүн функцияларын жүзөгө ашыруучу, же болбосо мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик кошуундарында уюштуруу-тескөөчү, административдик-чарбалык, контролдук-текшерүүчүлүк функцияларды аткаруучу адамдар кызматтык адамдар болуп эсептелет. Ошентип жогоруда аталган уюмдардын өкүлдөрү өткөрүп берилген ыйгарым укуктарды ишке ашырууда кылмыш жазасы каралган жосунду жасаган учурда мамлекеттик бийлик же башкаруу органдарынын кызмат адамы болбогондуктан мамлекеттик органдарда иштеген кызмат адамдарынан айырмаланып тиешелүү жаза алуудан кутулуп кетүү тобокелдиги укук колдонуу практикасында пайда болушу мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 85-беренесине ылайык өз ишинин негизги максаты катары пайда табууну көздөгөн уюмдар коммерциялык уюмдар болуп саналат. "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык коммерциялык эмес уюмдар жалпы кызыкчылыктардын негизинде руханий же башка материалдык эмес керектөөлөрдү өз мүчөлөрүнүн жана (же) бүткүл коомдун кызыкчылыгына багытталган жеке жана (же) юридикалык жактар тарабынан түзүлөт. Ушуну менен бирге Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жобого ылайык министрликтин негизги максаты билим берүү, илим жана илимий-техникалык иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүү болуп саналат. Ошентип коммерциялык жана/же коммерциялык эмес уюмдардын максаттары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин иш максатынан айырмаланат деп эсептейбиз. Ошондой эле Мыйзамдын долбоору коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын кызыкчылыктарын козгой турганына көңүлүңөрдү бурабыз. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо, ал жеткис күчтүн жагдайларынын шарттарында ишкердик иш-аракетти жөнгө салуу учурларын кошпогондо, Өкмөт бекиткен методикага ылайык жүргүзүлө тургандыгын белгилейбиз. Жөнгө салуучу таасирди талдоо ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуучу тарабынан жүргүзүлөт жана камсыз кылынат. Ушуга байланыштуу адегенде жөнгө салуучу таасирин талдоону жүргүзүү зарыл деп эсептейбиз. Баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 4
Шилтеме берет (9)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөЗакон · 15.10.1999 · № 111
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 115…Заключение · 03.03.2014 · № 115 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 119 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин түзүү, аткаруу, токтото туруу жана денонсациялоо (токтотуу, андан…Постановление · 27.01.2015 · № 25 · Күчүн жоготкон
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндөЗакон · 04.07.2012 · № 96 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 токтому менен бекитилген)Положение · 20.02.2012 · № 119 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон