Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Бишкек шаарында 2019-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын «Ак-Тилек автожолу» жана Казакстан Республикасынын «Карасу автожолу» өткөрүү пункттарынын ортосунда жаңы көпүрө куруу жана колдонуудагы көпүрөнү реконструкциялоо боюнча биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 9-июну № 313 "Бишкек шаарында 2019-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын "Ак-Тилек автожолу" жана Казакстан Республикасынын "Карасу автожолу" өткөрүү пункттарынын ортосунда жаңы көпүрө куруу жана колдонуудагы көпүрөнү реконструкциялоо боюнча биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2019-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын "Ак-Тилек автожолу" жана Казакстан Республикасынын "Карасу автожолу" өткөрүү пункттарынын ортосунда жаңы көпүрө куруу жана колдонуудагы көпүрөнү реконструкциялоо боюнча биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2019-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын "Ак-Тилек автожолу" жана Казакстан Республикасынын "Карасу автожолу" өткөрүү пункттарынын ортосунда жаңы көпүрө куруу жана колдонуудагы көпүрөнү реконструкциялоо боюнча биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
5. Аталган Макулдашуунун алкагында өткөрүлгөн иш-чараларды каржылоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин тиешелүү жылдарга республикалык бюджеттен каралган каражаттарынын чегинде ишке ашырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
К.А. Боронов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2019-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын "Ак-Тилек автожолу" жана Казакстан Республикасынын "Карасу автожолу" өткөрүү пункттарынын ортосунда жаңы көпүрө куруу жана колдонуудагы көпүрөнү реконструкциялоо боюнча биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу 1-берене. Бишкек шаарында 2019-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын "Ак-Тилек автожолу" жана Казакстан Республикасынын "Карасу автожолу" өткөрүү пункттарынын ортосунда жаңы көпүрө куруу жана колдонуудагы көпүрөнү реконструкциялоо боюнча биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги казак тарапка жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 313 токтому менен жактырылган
Бишкек шаарында 2019-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын "Ак-Тилек автожолу" жана Казакстан Республикасынын "Карасу автожолу" өткөрүү пункттарынын ортосунда жаңы көпүрө куруу жана колдонуудагы көпүрөнү реконструкциялоо боюнча биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу Бишкек шаарында 2019-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын "Ак-Тилек автожолу" жана Казакстан Республикасынын "Карасу автожолу" өткөрүү пункттарынын ортосунда жаңы көпүрө куруу жана колдонуудагы көпүрөнү реконструкциялоо боюнча биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт. Долбоордун максаты болуп товарларды өз ара алмашуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын "Ак-Тилек автожолу" жана Казакстан Республикасынын "Карасу автожолу" өткөрүү пункттарынын ортосунда жаңы көпүрө куруу жана колдонуудагы көпүрөнү реконструкциялоо аркылуу эки мамлекеттин региондорунун ортосунда соода-экономикалык байланышты жакшыртуу эсептелет. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуу кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет (2019-жылдын 19-ноябрындагы чечим), Бюджет жана финансы боюнча комитет (2019-жылдын 18-ноябрындагы чечим), Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет (2019-жылдын 19-ноябрындагы чечим) менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 440-б буйругу менен жактырылган. Көпүрөлөр бир эле мезгилде ар бир Тараптын өзүнүн аймагында паритеттик негизде курулат, аларды ар бир Тарап өз бөлүгүндө пайдаланат жана тейлейт. Көпүрөнү куруунун болжолдуу наркы 87000000 (сексен жети миллион) сомду түзөт. Бул нарк конструктивдүү чечими жана жер шарттары жагынан окшош объект боюнча аныкталган. Наркты аныктоодо курула турган көпүрөлөрдүн (алдын ала) параметрлери (узундугу 68,2 м (3x21 м схема боюнча) жана көлөмү Г2 (9+3) эске алынган. Долбоордук-сметалык документтер техникалык тапшырмалардын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук жана техникалык актыларынын талаптарына ылайык долбоорлоо уюмдары тарабынан даярдалып, андан кийин казак тарап менен макулдашылат. Жаңы көпүрө куруунун жана колдонуудагы көпүрөнү реконструкциялоонун сметалык наркы тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын долбоордук-сметалык документтери даярдалып, бекитилгенден кийин аныкталат. Кыргыз Республикасынын "Ак-Тилек автожолу" жана Казакстан Республикасынын "Карасу автожолу" өткөрүү пункттарынын ортосунда Чүй дарыясы аркылуу жаңы көпүрөнү куруу мезгилинде автотранспорт каражаттарынын өтүшү убактылуу токтотулат. Автотранспорт каражаттары жана жөө жүрүүчүлөр "Ак-Жол - автожолу", "Кен-Булуң - автожолу" жана "Токмок - автожолу" өткөрүү жайларынан өтүшөт. Жаңы көпүрө куруу жана колдонуудагы көпүрөнү реконструкциялоо аяктагандан кийин алар бирдей үлүштө Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын менчигине өткөрүлүп берилет, көпүрөлөрдү ар бир Тарап өз аймагынын чегинде пайдаланат жана тейлейт. Ушул Макулдашуунун 9-беренесине ылайык жана анын күчүнө кириши үчүн Тараптар мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруусу зарыл. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 13-пунктчасына ылайык аталган Макулдашууда Кыргыз Республикасынын финансылык милдеттенмелери каралган, ал республикалык бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүнө алып келет жана ратификацияланууга тийиш. Жаңы көпүрө куруу жана колдонуудагы көпүрөнү реконструкциялоо иштери "Мамлекеттик капиталдык салымдар" беренеси боюнча 2020 жана андан кийинки жылдарга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине бөлүнүүчү республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат. Аталган Макулдашууну ратификациялоо финансылык, социалдык жана экономикалык кесепеттерге алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 4005-VI "2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын…Постановление · 25.06.2020 · № 4005-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 4006-VI "2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын…Постановление · 25.06.2020 · № 4006-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 4007-VI "2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын…Постановление · 25.06.2020 · № 4007-VI
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 440-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын "Ак-Тилек автожолу"…Распоряжение · 25.11.2019 · № 440-р
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- 2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын "Ак-Тилек…Закон · 01.08.2020 · № 112
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон