Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы „Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду“ мекемесин түзүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 2 июня 2026 года № 383 "О некоторых вопросах деятельности подведомственных учреждений Министерства труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-06-02.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-июнундагы № 383 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 13-ноябры № 550 Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу"Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесин түзүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 318, 2022-жылдын 1-августундагы № 434 , 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жарандарынын иш менен камсыз болуусун, ишканаларынын өндүрүмдүүлүгүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле 2017-жылдын 13-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (№ 0552-KGZ-(SF) ылайык кабыл алынган милдеттенмелерди аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемеси түзүлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык )
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесинин уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу"Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесинин иштөөсү үчүн коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө шарттарында жай берсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык )
7. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесинин ишин каржылоону тиешелүү жылга карата бекитилген каражаттардын чегинде жүргүзсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 24-ноябрындагы № 96 (3168) жарыяланды
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
| Премьер-министр | С.Н. Жапаров |
| 2-тиркеме | |
| "234-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маянасынын өлчөмдөрү
| № | Кызмат орундарынын аталышы | Кызматтык маянанын өлчөмдөрү (сом менен) |
| 1 | Аткаруучу директор | 23000 |
| 2 | Эмгек рыногу боюнча адис | 22000 |
| 3 | Окутуу боюнча адис | 22000 |
| 4 | Каржылоо боюнча адис | 22000 |
| 5 | Бишкек шаары боюнча координатор | 18000 |
| 6 | Баткен облусу боюнча координатор | 18000 |
| 7 | Жалал-Абад облусу боюнча координатор | 18000 |
| 8 | Ысык-Көл облусу боюнча координатор | 18000 |
| 9 | Нарын облусу боюнча координатор | 18000 |
| 10 | Ош облусу боюнча координатор | 18000 |
| 11 | Талас облусу боюнча координатор | 18000 |
| 12 | Чүй облусу боюнча координатор | 18000 |
Эскертүү:
1) ушул тиркеменин 1-4-позицияларында каралган кызматкерлердин эмгек акысын каржылоо 2022-жылдын 31-декабрына чейин Азия өнүктүрүү банкынын гранттык каражаттарынын эсебинен "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында жана андан ары 2023-жылдын 1-январынан тартып атайын каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт;
2) ушул тиркеменин 5-12-позицияларында каралган кызматкерлердин эмгек акысын каржылоо 2022-жылдын 1-январынан тартып атайын каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтнүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2015 · № 888
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик…Постановление · 06.04.2015 · № 197 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесинин уставы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын…Устав · 13.11.2020 · № 550 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз…Постановление · 01.08.2022 · № 434 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №318 токтомуПостановление · 17.12.2021 · № 318
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-июнундагы № 383 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ведомстволук…Постановление · 02.06.2026 · № 383
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз…Постановление · 01.08.2022 · № 434 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 278 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Көндүмдөрдү…Постановление · 29.05.2023 · № 278
- Мамлекеттик органдары,, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон