КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 22-ноябры № 622 "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
40-главада:
а) Эскертүүсүндө:
"Эскертүү." деген сөздөн кийин "1." деген цифра менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: "2. Ушул Кодекстин 295-1-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.";
б) 40-глава төмөнкүдөй мазмундагы 295-1-берене менен толукталсын:
"295-1-берене. Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын бузуу Юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө мамлекеттик кайра каттоосуз жана мамлекеттик кайра каттоого алып келбөөчү маалыматтардын өзгөргөндүгү тууралуу кабарламасыз ишти жүзөгө ашыруусу, ошондой эле Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн зарыл болгон, так эмес маалыматтарды тапшыруусу - 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-февралындагы № 3525-VI "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 05.02.2020 · № 3525-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3973-VI "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл…Постановление · 25.06.2020 · № 3973-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 18-июнундагы № 3918-Vl "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 18.06.2020 · № 3918-Vl
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон