Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 „Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 5 февраля 2025 года № 58 "О некоторых операциях с драгоценными металлами и драгоценными камнями"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-02-05.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 22-августу № 422 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү максатында, "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 11-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка турмуш-тиричилик буюмдарын пробалоо жана эн тамгалоо тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн ташып киргизилген баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка турмуш-тиричилик буюмдарын сатуу үчүн алар мамлекеттик контролдон өткөндүгүн тастыктаган тиешелүү документтер алынган күндөн тартып 90 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга пробалоого, талдоого жана эн тамгалоого тапшырылат.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен айрым операциялар жөнүндө" токтомуПостановление · 05.02.2025 · № 58
- Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зергердик жана баш- ка турмуш-тиричилик буюмдарын пробалоо жана эн тамгалоо тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын…Положение · 27.06.2018 · № 303 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндөЗакон · 05.08.2022 · № 87
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен айрым операциялар жөнүндө" токтомуПостановление · 05.02.2025 · № 58
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2018 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндөЗакон · 14.05.1998 · № 61 · Күчүн жоготкон