Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-декабрындагы № 840 «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» коомдук фондун түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 21-августу № 413 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-декабрындагы № 840 "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фондун түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды күчөтүү жана жаратылышты коргоо иш-чараларын аткаруу, 2017-жылдын 11-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана "Центерра Голд Инк." компаниясынын жана "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтор Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык макулдашууну (мындан ары - Макулдашуу), жогоруда аталган Макулдашууга карата "Центерра Голд Инк." жана "Кумтөр Голд Компани" компаниялары тарабынан кол коюлган 2019-жылдын 7-августундагы Бир тараптуу милдеттенмени ишке ашыруу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-декабрындагы № 840 "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фондун түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги белгиленген тартипте:
- "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фондун (мындан ары - Фонд) түзсүн;
- Фонддун уюмдаштыруучусу катары чыксын;
- Фондду иштетүүнүн уюштуруу-укуктук маселелерин чечсин жана юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;
- Макулдашуунун жоболорун так сактоону камсыздасын.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Фондду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги дайындаган Байкоочу кеңеш башкарат;
- Фонд жыл сайын аудитордук текшерүүгө алынат;
- Фонддун каражаттары айлана-чөйрөнү коргоо жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду каржылоого, ошондой эле Фонддун уставында каралган максаттарга гана пайдаланылат.";
2) 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3) жогоруда аталган токтомдун тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-декабрындагы № 840 "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фондун түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.12.2017 · № 840
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-декабрындагы № 840 "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фондун түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.12.2017 · № 840
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон