Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» коомдук фондун түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 27-декабры № 840 "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фондун түзүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-августундагы № 413, 2021-жылдын 19-майындагы № 11, 2022-жылдын 20-майындагы № 271 токтомунун редакциясына ылайык) Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды күчөтүү жана жаратылышты коргоо иш-чараларын өнүктүрүү, 2017-жылдын 11-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана "Центерра Голд Инк." компаниясынын жана "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги белгиленген тартипте:
(КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайыйк)
- "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фондун (мындан ары - Фонд) түзсүн;
- Фонддун уюмдаштыруучусу катары чыксын;
- Фондду иштетүүнүн уюштуруу-укуктук маселелерин чечсин жана юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;
- Макулдашуунун жоболорун так сактоону камсыздасын.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-августундагы № 413, 2022-жылдын 20-майындагы № 271 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Фондду Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги дайындаган Байкоочу кеңеш башкарат;
(КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун, 2022-жылдын 20-майындагы № 271 редакциясына ылайыйк)
- Фонд жыл сайын аудитордук текшерүүгө алынат;
- Фонддун каражаттары айлана-чөйрөнү коргоо жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду каржылоого, ошондой эле Фонддун уставында каралган максаттарга гана пайдаланылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-августундагы № 413 токтомунун редакциясына ылайык)
3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-августундагы № 413 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фондунун иштеши үчүн коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө шарттарында Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Горький көч., 142 дареги боюнча жайгашкан имараттын ичинен жай берсин.
(КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайыйк)
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 23-январында № 6 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 19.05.2021 · № 11
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-августундагы № 413 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-декабрындагы № 840 "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фондун түзүү жөнүндө"…Постановление · 21.08.2019 · № 413
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 271 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин…Постановление · 20.05.2022 · № 271
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-августундагы № 413 токтомуПостановление · 21.08.2019 · № 413
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 19.05.2021 · № 11
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 271 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин…Постановление · 20.05.2022 · № 271
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-августундагы № 413 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-декабрындагы № 840 "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фондун түзүү жөнүндө"…Постановление · 21.08.2019 · № 413
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөЗакон · 15.10.1999 · № 111
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон