19-статья. Муниципалдык кызматчы үчүн кепилдиктер
Күчүн жоготкон · 30.05.2016 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 мая 2016 года № 75.
Муниципалдык кызматчыга төмөндөгүдөй кепилдиктер берилет:
1) кызматтык милдеттерди аткарууну камсыз кылуучу иш шарттары;
2) эмгек акысы, дагы башка төлөмдөр;
3) ар жылдык акы төлөнүүчү өргүү;
4) кызматтык милдеттерин аткарышына байланыштуу анын ден соолугуна жана мүлкүнө залал келтирген учурда, милдеттүү түрдө мамлекеттик камсыздандыруу;
5) муниципалдык кызматта иштеп турган мезгилде же ал ишти токтоткондон кийин, бирок кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ооруп калган же эмгекке жарамдуулугун жоготкондо милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу;
6) өзүн жана үй-бүлө мүчөлөрүн мыйзамдарда белгиленген тартипте кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу зордук-зомбулуктан, коркутуудан, дагы башка укукка сыйбаган иш-аракеттерден коргоо.
Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы жоюлган, ошол органдын кызматчыларынын штаты кыскартылган учурда, муниципалдык кызматчыга ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жоюлушуна байланыштуу аларды жумуштан бошоткон учурда, Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдары менен кызматчылар үчүн белгиленген кепилдиктер берилет. Жергиликтүү жамааттын Уставы менен муниципалдык кызматчыга кошумча кепилдиктер каралышы мүмкүн.
Берененин тексти 30.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1565/st-19" title="19-статья - Муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>