18-статья. Муниципалдык кызматчынын тартиптик жоопкерчилиги
Күчүн жоготкон · 30.05.2016 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 мая 2016 года № 75.
Кызматтык жоругу, муниципалдык кызматчынын өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгы жана талаптагыдай аткарбагандыгы, эмгек тартибин бузгандыгы, жүктөлгөн кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапкандыгы, муниципалдык кызматка байланышкан ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү сактабагандыгы үчүн муниципалдык кызматчыга төмөндөгүдөй тартиптик айыптар салынат:
1) сын-пикир;
2) сөгүш;
3) катуу сөгүш;
4) кызматына толук ылайык келбей тургандыгы жөнүндө эскертүү;
5) класстык ченин төмөндөтүү;
6) кызмат орунунан төмөндөтүү;
7) ар айлык кошумча акысын азайтуу;
8) ээлеген кызматынан бошотуу.
Муниципалдык кызматчыга тартиптик жаза кызматчыны кабыл алууга жана бошотууга укукка ээ кызмат адамы тарабынан берилет. Тартиптик жазаны колдонуунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык белгиленет.
Берененин тексти 30.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1565/st-18" title="18-статья - Муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>