10-статья. Жамааттык келишимдин тараптары
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы
Жамааттык келишимдин тараптары болуп төмөнкүлөр саналат:
- кесиптик бирлик комитетинин атынан кызматкерлердин кесиптик бирлиги
же кесиптик бирликтер болбогондо кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү
органы;
- уюмдун жетекчиси катары иш берүүчү же алар тарабынан ыйгарым укук
берилген адамдар.
Уюмда бир нече кесиптик бирликтер, башка өкүлчүлүктүү органдар бар
болсо, жамааттык келишимдин тараптары төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- уюмдун кызматкерлеринин кеминде 20 пайызынын атынан жана алардын
кызыкчылыктарында иш алып барган ыйгарым укуктуу кесиптик бирлик;
- кызматкерлердин жалпы чогулушунда же конференциясында шайланган,
кесиптик бирликтер болбогондо уюмдун кызматкерлеринин кеминде 20
пайызынын атынан жана алардын кызыкчылыктарында иш алып барган
кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органы;
- уюмдун кызматкерлеринин кеминде 20 пайызын бириктирүүчү уюмдун бир
нече кесиптик бирликтеринин жана кызматкерлеринин башка өкүлчүлүктүү
органдары тарабынан келишим боюнча түзүлгөн биргелешкен орган.
(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы № 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1564/st-10" title="10-статья - Жамаатык келишимдер жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>