2-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 августа 2020 года № 142
Бирдиктүү төлөөчү - базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу жана базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун консолидацияланган бюджети - мамлекеттик бюджеттин, базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун, тышкы карыздардын жана донорлордун гранттык жардамдарынын каражаттарынын, ошондой эле атайын казыналык эсептерде топтоштурулуучу каражаттардын, саламаттык сактоо тутумунда калктын кошо төлөөсүнөн алынган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын жыйындысы. Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) - саламаттык сактоо, базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, менчигинин формаларына карабастан, саламаттык сактоо уюмдарында жарандардын медициналык-санитардык жардам алууга укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуучу медициналык-санитардык жардамдын кепилденген көлөмдөрү, түрлөрү жана шарттары. Башка терминдердин мазмуну ушул Мыйзамдын айрым статьялары менен аныкталат. (КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
II Глава Саламаттык сактоо уюмдарынын классификациясы
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1515/st-2" title="2-статья - Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>