Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
19-статья. Саламаттык сактоо уюмдарынын ишин жөнгө салуу
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Ведомстволук баш ийүүлөрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан са- ламаттык сактоо уюмдарынын медициналык ишин жөнгө салуу, координациялоо, ошондой эле контролдоо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү деңгээлде саламаттык сактоо уюмдарынын ишин координациялайт, саламаттык сактоо боюнча өздөрүнүн координациялык комиссиялары аркылуу саламаттык сактоо жаатындагы улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программалардын аткарылышын контролдойт. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын алдындагы саламаттык сактоо боюнча координациялык комиссияларынын төрагалары - тийиштүү жергиликтүү администрациялардын жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өзлдынча башкаруу органдарынын башчылары же болбосо алардын орун басарлары жетектейт. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын алдындагы саламаттык сактоо боюнча координациялык комиссиялары өзүнүн ишин тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бекиткен жобого ылайык жүзөгө ашырат. Мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү саламаттык сактоо уюмдары жогорку медициналык же экономикалык билими бар, "саламаттык сактоону башкаруу" адистиги боюнча аттестациядан жана каттоодон өткөн жетекчилер тарабынан башкарылат. "Саламаттык сактоону башкаруу" адистиги боюнча даярдыктан өткөн адистерди аттестациядан жана каттоодон өткөрүүнүн, ошондой эле аларды мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында жетекчилик кызматка дайындоонун тартиби Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик органы тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1515/st-19" title="19-статья - Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>