31-статья. Өнөр жай өндүрүшү
Күчүндө · 13.08.2025 редакциясы · 4-бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 21 августа 2020 года № 137
Өнөр жай өндүрүшү жогорку технологияларга жана экологиялык жактан туюк циклдерге негизделет. Ресурстарды көп талап кылган жана айлана-чөйрөнү булгоочу өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүүгө курууга жана пайдаланууга жол берилбейт. Айыл чарба азыктарын кайра иштеп чыгуу жана балык өстүрүүчүлүк өнөр жайды өнүктүрүүнүн артыкчылык берилген багыты болуп саналат. Өнөр жай өндүрүшүнүн бардык объекттеринде мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусу болууга тийиш. Өнөр жай өндүрүшүнүн, башка жарандык жана коммерциялык объекттердин (анын ичинде коомдук тамактануу объекттеринин, автомашина жуучу жайлардын) агынды сууларын "Ысык-Көл" ЭЭТтин аймагындагы суу объекттерине, суулардын нуктарына чыгарууга тыюу салынат. (КР 2020-жылдын 21-августундагы № 137 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 21 августа 2020 года № 137 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об устойчивом развитии эколого-экономической системы "Иссык-Куль", Кодекс Кыргызской Республики о проступках, Уголовный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1514/st-31" title="31-статья - Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>