30-статья. Конуштарды куруунун принциптери
Күчүндө · 13.08.2025 редакциясы · 4-бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 21 августа 2020 года № 137
Конуштарды пландаштыруу жана куруу шаар куруу-экологиялык түркүктүн түзүлүшүнө негизделип, бул өзүнө төмөнкү принциптерди камтыйт:
- конуштардын учурдагы чегараларын токой фондусунун жерлеринин, кордогу жерлердин, өзгөчө корголуучу аймактардын жана айыл чарба багытындагы жерлердин эсебинен кеңейтүүгө жол бербөөнү;
- «Ысык-Көл» ЭЭТсынын түндүк жана чыгыш чакан райондорунда жаны ири конуштарды жайгаштырбоону;
- Ысык-Көл көлүнүн жээгинен тартып 500 метрге чейинки аралыкта жаңы калктуу конуштарды жайгаштырууга жол бербөөнү;
- туруктуу, ошондой эле убактылуу конуштардын чегинде ландшафттарды жана аквопарктарды бир адамга 8-10 чарчы метр туура келгендей түзүүнү;
- конуштардын архитектуралык келбетин ландшафттардын өзгөчөлүктөрүн эске алып жана архитектуранын талаптарына ылайык түзүүнү.
(КР 2020-жылдын 21-августундагы № 137 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 21 августа 2020 года № 137 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об устойчивом развитии эколого-экономической системы "Иссык-Куль", Кодекс Кыргызской Республики о проступках, Уголовный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1514/st-30" title="30-статья - Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>