Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
12-статья. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы
Күчүн жоготкон · 30.05.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 мая 2016 года № 75.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 июня 2012 года № 78
Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) түзүлөт. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик кызмат боюнча Кеңештин (мындан ары - Кеңеш) жумушчу органы жана туруктуу иштеген мамлекеттик орган болуп саналат. Кеңеш мамлекеттик кызматтын өнүгүү стратегиясын аныктайт жана бул чөйрөдө мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын макулдашып иштөөсү жана өз ара аракеттенүүсү үчүн механизмдерди иштеп чыгат; мамлекеттик башкаруу жана мамлекеттик кызмат маселелери боюнча ченемдик укуктук базаны түзүүнүн артыкчылыктарын аныктайт; мамлекеттик органдардын ишинин жана мамлекеттин кадрдык дараметинин натыйжалуулугун жогорулатуунун саясатын иштеп чыгат; мамлекеттик органдарда статс-катчынын кызмат орунуна талапкерди сунуш кылуу жөнүндө чечим кабыл алат, мамлекеттик органдын статс-катчысын бошотууга макулдук берет же макулдук берүүдөн баш тартат; мамлекеттик башкарууну жана мамлекеттик кызматты реформалоонун, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик кызматчылардын ишинин айкындуулугу жана акниеттүүлүгү, коррупцияга каршы саясатты жүзөгө ашыруу менен байланышкан маселелерди караган негизги принциптерди иштеп чыгат, ушул Мыйзамдан келип чыккан башка маселелерди чечет. Кеңеш Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын иши менен байланышкан Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин отчетун, баяндамасын жана башка маалыматтарын угат. Кеңештин курамына төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бир жылдык мөөнөткө дайындалган парламенттик көпчүлүктүн бир өкүлү (Кеңештин төрагасынын орун басары) жана парламенттик оппозициянын бир өкүлү;
- Президент тарабынан бир жылдык мөөнөткө дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентинин бир өкүлү (Кеңештин төрагасынын орун басары);
- Өкмөт тарабынан бир жылдык мөөнөттө дайындалган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эки өкүлү;
- Жогорку соттун төрагасы тарабынан Жогорку соттун мүчөлөрүнүн ичинен бир жылдык мөөнөткө дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун бир өкүлү;
- мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси туруктуу негизде (Кеңештин төрагасы).
Ушул органга тиешелүү маселени кароодо Кеңештин ишине (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин тармактык комитетинин өкүлү, ошондой эле мамлекеттик органдын жетекчиси катышат. (Алтынчы бөлүк КР 2012-жылдын 8-майындагы № 47 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Жетинчи бөлүк КР 2012-жылдын 8-майындагы № 47 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Сегизинчи бөлүк КР 2012-жылдын 8-майындагы № 47 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Кеңештин жыйналышы зарылчылыгына жараша, бирок үч айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Кеңештин иши Кеңеш жөнүндөгү жобо менен регламентгештиришет, аны Кеңештин төрагасы бекитет. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалуучу жетекчи башкарат. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмү жана Жобосу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана башка мамлекеттик органдарынын жыйналышына катышууга укугу бар. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында статс-катчылык кызмат оруну түзүлөт. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын иш-аракети жана чечими сот тартибинде даттанылышы мүмкүн. (КР 2012-жылдын 8-майындагы № 47, 2012-жылдын 9-июнундагы № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 30.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (19)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-мартындагы № 4923-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөсүн дайындоо жөнүндө" токтомуПостановление · 19.03.2015 · № 4923-V
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 16-мартындагы № 370-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөсүн дайындоо жөнүндө" токтомуПостановление · 16.03.2016 · № 370-VI
- КР Президентинин 2015-жылдын 12-майындагы ПБ № 112 (У.А. Марипов жөнүндө)Распоряжение · 12.05.2015 · № 112
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 3-февралындагы № 148-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө" токтомуПостановление · 03.02.2011 · № 148-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 16-февралындагы № 1648-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрүнүн Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамында болуусунун мөөнөтүн…Постановление · 16.02.2012 · № 1648-V
- КР Жогорку Кенешинин 2015-жылдын 4-мартындагы № 4845-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөсүн дайындоо жөнүндө" токтомуПостановление · 04.03.2015 · № 4845-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 10-апрели № 1108-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө" токтомуПостановление · 10.04.2009 · № 1108-IV
- КР Президентинин 2012-жылдын 24-июлундагы ПЖ №139 ""Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы…Указ · 24.07.2012 · № 139
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-февралындагы №126 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлүн Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына дайындоо жөнүндө" токтомуПостановление · 13.02.2009 · № 126 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №169 "Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүн дайындоо жөнүндөПостановление · 18.08.2010 · № 169 · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 27-февралындагы №2815-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө" токтомуПостановление · 27.02.2013 · № 2815-V · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 6-марты № 3883-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө" токтомуПостановление · 06.03.2014 · № 3883-V · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2010-жылдын 12-августундагы № 47-п (Байназаров С. Н.)Распоряжение · 12.08.2010 · № 47-П · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2011-жылдын 14-декабрындагы ПБ № 17 (И.С.Исмиянов жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 14.12.2011 · № 17 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 221 "Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөлөрүу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.06.2005 · № 221 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы №29 "Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүн дайындоо жөнүндө" токтомуПостановление · 12.01.2012 · № 29 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-январындагы №26 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлүн Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына дайындоо жөнүндө" токтомуПостановление · 29.01.2008 · № 26 · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 14-февралындагы № 167-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө" токтомуПостановление · 14.02.2008 · № 167-IV · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 679 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 29 "Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына…Постановление · 09.10.2012 · № 679 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 08.05.2012 · № 47 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1513/st-12" title="12-статья - Мамлекеттик кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>