Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ №139 «»Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы Жарлыгына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2012-жылдын 24-июлу ПЖ №139 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы Жарлыгына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы № 119 "Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пунктта "анын башкаруу схемасы" деген сөздөр "анын түзүмү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын түзүмү ушул Жарлыктын Тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы белгиленген тартипте ушул Жарлыктан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын ТҮЗҮМҮ
| Директор └────────────┘ | ┌──────────────────────┐ Кеңешчи, жардамчы | |||
|---|---|---|---|---|
| Статс-катчы | Директордун орун басары | Директордун орун басары | ||
| Мамлекеттик жана муниципалдык өнүктүрүү бөлүмү | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу бөлүмү | Отдел (центр) тестирлөө бөлүмү (борбору) | ||
| Ченемдик-укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмү | Мамлекеттик кызмат өтөө бөлүмү | Персоналды башкаруу жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү | ||
| АРБМС системасы сектору | Муниципалдык кызмат өтөө бөлүмү | Финансылык жана администрациялык жактан камсыз кылуу бөлүмү | ||
| Мониторинг жана мыйзамдуулукту контролдоо | Кирешелерди декларациялоо бөлүмү | Басма-сөз кызматы | ||
| Борбордук аймактык өкүлчүлүк (Чуй, Талас облустары жана Бишкек шаары боюнча) | Түштүк аймактык өкүлчүлүк (Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча) | Түндүк аймактык өкүлчүлүк (Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча) |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Указ Президента КР от 9 июня 2012 года УП № 119 "О Государственной кадровой службе Кыргызской Республики"Указ · 09.06.2012 · № 119
- КР Президентинин жарлыгы 2013-жылдьн 30-сентябрындагы ПЖ № 198 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын ишин өркүндөтүү жөнүндө"Указ · 30.09.2013 · № 198 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Указ Президента КР от 9 июня 2012 года УП № 119 "О Государственной кадровой службе Кыргызской Республики"Указ · 09.06.2012 · № 119
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы ПЖ №120 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун Концепциясы жөнүндө" жарлыгыУказ · 09.06.2012 · № 120 · Күчүн жоготкон