Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
422-статья. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызды кароонун тартиби
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы · 46-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызды судья жеке өзү ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча ишти соттук териштирүүгө даярдоо жана аныктама чыгаруу мөөнөтүн камтуу менен, арыз келип түшкөн күндөн тартып бир айдан ашпаган мөөнөттө карайт.
2. Ишти соттук териштирүүгө даярдоодо судья бейтарап соттон аткаруу баракчасы суралып жаткан иш боюнча материалдардын, анан дагы ушул Кодекстин 423-статьясында саналган аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп эсептелген материалдардын гана тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн сурап ала алат.
3. Бейтарап териштирүүнүн тараптарына соттук отурумдун боло турган убактысы жана жери тууралуу билдирилет. Соттук отурумдун болор убактысы жана жери тууралуу тиешелүү түрдө кабар кылынган аталган адамдардын келбегендиги ишти кароого жолтоо болбойт.
4. Аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызды караган учурда компетенттүү сот бейтарап соттун чечимин маани-мазмуну боюнча кайра кароого укуксуз.
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1509/st-422" title="422-статья - Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>