421-статья. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыздын түрү жана мазмуну
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы · 46-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
421-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 421-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Бейтарап соттун чечимдерин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз жазуу жүзүндө берилет жана анын пайдасына чечим кабыл алынган адам же анын өкүлү кол коюуга тийиш.
2. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызда төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) арыз берилип жаткан соттун аталышы;
2) чечим кабыл алган бейтарап соттун аталышы жана курамы, анын жайгашкан жери;
3) бейтарап териштирүүнүн тараптарынын аталышы, алардын жашаган же жайгашкан жери;
4) бейтарап соттун чечими кабыл алынган күн жана жер;
5) арыз менен кайрылган тараптын бейтарап соттун чечимин алган күн;
6) бейтарап сот тарабынан кабыл алынган чечимди мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз берүүчүнүн талабы.
Арызда телефондордун, факстардын номерлери, электрондук почтанын дареги жана дагы башка маалыматтар көрсөтүлүшү мүмкүн.
3. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызга төмөндөгүлөр тиркелет:
1) чечим кабыл алган орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн бейтарап соттун чечиминин түп нускасы же чечимдин көчүрмөсү же болбосо чечимдин нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
2) талашты бейтарап соттун чечүүсүнө берүү жөнүндөгү макулдашуунун (бейтарап макулдашуусу) түп нускасы же болбосо макулдашуунун нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
3) мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүн тастыктаган документ.
4. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү бул Кодекстин ушул статьясында жана 421-статьясында белгиленген талаптарды бузуу менен берилген арыз бул Кодекстин 136 жана 137-статьяларында белгиленген эрежелерге ылайык кыймылсыз калтырылат же аны берген кишиге кайтарып берилет.
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
421-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1509/st-421" title="421-статья - Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>