Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
399-статья. Көэөмөл тартибиндеги даттанууну кайра кайтаруу
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы · VI бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Көзөмөл тартибиндеги даттануу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясы же президиуму тарабынан төмөндөгүдөй негиздер боюнча кайра кайтарылат:
1) эгерде даттанууга кол коюлбаса же ага кол коюуга укуксуз адам же кызмат абалы көрсөтүлбөгөн адам кол койсо;
2) эгерде даттанууга анын, ошондой эле ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрү ишке катышып жаткан адамдарга жөнөтүлгөндүгүнүн далилдери тиркелбесе;
3) эгерде даттануу белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин берилсе жана өтүп кеткен мөөнөттү кайра калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүчтү камтыбаса;
4) эгерде мамлекеттик алым белгиленген тартипте жана өлчөмдө төлөнгөндүгүн тастыктаган документтер даттанууга тиркелбесе, ал эми мамлекеттик алымды төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу мүмкүнчүлүгү мыйзамда каралган болсо, бул тууралуу өтүнүч болгон же өтүнүч четке кагылган учурларда;
5) эгерде даттануу чечимди, аныктаманы, токтомду кабыл алган сотко кайрылбай туруп жөнөтүлсө;
6) эгерде даттануу материалдык укук ченемдерин же болбосо процесстик укуктун ченемдерин бузуу же туура эмес колдонуу эмнеде экендигин көрсөтүүнү камтыбаса;
7) эгерде даттанууну берген адамдан аны кайра кайтаруу жөнүңдө арыз келип түшсө.
2. Ушул статьянын 1-пунктунун 1, 2, 4-6-пунктчаларында көрсөтүлгөн жагдайлар четтетилгенден кийин даттануу берген адам соттун чечимин, аныктамасын, токтомун кайра карап чыгуу тууралуу арыз менен сотко ушул Кодексте белгиленген мөөнөттүн чектеринде жалпы тартипте кайра кайрылууга укуктуу.
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1509/st-399" title="399-статья - Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>