Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
398-статья. Кассациялык даттанууну кайра кайтаруу
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы · VI бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Кассациялык даттануу областтык жана ага теңештирилген соттордун администрациялык жана экономикалык иштер боюнча (сот курамы) сот коллегиясы тарабынан төмөндөгүдөй негиздер боюнча кайра кайтарылат:
1) эгерде арызга кол коюлбаса же аг кол коюуга укуктуу адам же кызмат абалы көрсөтүлбөгөн адам кол койсо;
2) эгерде даттанууга анын, ошондой эле ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрү ишке катышып жаткан адамдарга жөнөтүлгөндүгүнүн далилдери тиркелбесе;
3) эгерде арыз белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин берилсе жана өтүп кеткен мөөнөттү кайра калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч камтылбаса;
4) эгерде мамлекеттик алым белгиленген тартипте жана өлчөмдө төлөнгөндүгүн тастыктаган документтер даттанууга тиркелбесе, ошондой эле мамлекеттик алымды төлөө мөөнөтүн кнйинкиге калтыруу мүмкүнчүлүгү мыйзамда каралган, бул жөнүндө өтүнүч болбогон же өтүнүч четке кагылган учурларда;
5) эгерде даттануу чечимди, аныктаманы, токтомду кабыл алган сотко көрсөтүлбөй туруп жөнөтүлсө;
6) эгерде даттануу материалдык укуктук ченемдерин же процесстик укуктун ченемдерин бузуу же туура эмес колдонуу эмнеде экендигин көрсөтүүнү камтышбаса;
7) эгерде даттанууну берген адамдан аны кайра кайтаруу жөнүндө арыз келип түшсө.
2. Даттанууну кайта кайтаруу үчүн негиз болгон жагдайлар четтетилгенден кийин арыз берген адам соттун чечимин, аныктамасын, токтомун кайра карап чыгуу жөнүндө арыз менен сотко ушул Кодексте белгиленген мөөнөттүн чектеринде жалпы тартипте кайра кайрылууга укуктуу.
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1509/st-398" title="398-статья - Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>