Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
415-статья. Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссияларды түзүү
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 42-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссиялар 10дон кем эмес адам иштеген уюмдарда кызматкерлердин жана (же) иш берүүчүнүн демилгеси боюнча кызматкерлердин жана иш берүүчүнүн өкүлдөрүнөн бирдей санда түзүлөт. Кызматкерлердин өкүлдөрү эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссияга шайланышат же кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы тарабынан жиберилет, кийин уюмдун кызматкерлеринин жалпы чогулушунда (конференциясында) бекитилет. Иш берүүчүнүн өкүлдөрүн уюмдун жетекчиси дайындайт. Жалпы чогулуштун чечими боюнча эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссиялар уюмдун түзүмдүк бөлүмдөрүндө түзүлүшү мүмкүн. Ушул комиссиялар уюмдун эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссиясы сыяктуу эле негизде түзүлөт жана иштейт. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссиясында ошол бөлүмдөрдүн ыйгарым укуктарынын чегинде жекече эмгек талаш-тартыштары каралат. Эмгек талаш боюнча комиссиянын иши, уюмдун жалпы чогулушунда бекиген жобо менен жөнгө салынат. Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссия өзүнүн курамынын ичинен комиссиянын төрагасын, төраганын орун басарын жана катчысын шайлайт.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-415" title="415-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>