414-статья. Жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо боюнча органдарга кайрылуунун мөөнөттөрү
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 42-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 мая 2012-года № 59
Кызматкер жекече эмгек талаш-тартыштарды чечүү боюнча өзүнүн укуктары бузулгандыгы жөнүндө билген күндөн тартып 3 айдын ичинде, ал эми жумуштан бошотуу жөнүндө талаш-тартыштар боюнча жумуштан бошотуу тууралу буйрук менен таанышкандан же эмгек китепчеси берилген күндөн тартып 2 айдын ичинде жекече эмгек талаш-тартыштарын кароочу органдарга кайрылууга укугу бар. Иш берүүчү кызматкер тарабынан уюмга келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаш-тартыштар боюнча келтирилген зыян билинген күндөн тартып 1 жылдын ичинде сотко кайрылууга укугу бар. Доонун эскириши эмгек акыны өндүрүүгө карата колдонулбайт. Ушул статьяда көрсөтүлгөн мөөнөттөр кызматкердин прокуратура органдарына, эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына (кесиптик бирликтердин эмгек инспекциясына) кайрылганда да колдонулат. Жүйөлүү себептер боюнча белгиленген мөөнөттөр өтүп кетсе, алар тийиштүүлүгүнө жараша эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссия же сот аркылуу калыбына келтирилиши мүмкүн. (КР 2012-жылдын 18-майындагы № 59, 2015-жылдын 20-июлундагы № 179 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
414-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 20.07.2015 · № 179 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-414" title="414-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>