378-статья. Кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын кызматкерлери менен эмгек келишими
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 35-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 165
Жогорку окуу жайында илимий-педагогикалык кызматкерлердин бардык кызмат орундарын алмаштыруу 5 жылга чейинки мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишими боюнча жүргүзүлөт. Жогорку уюмдарда факультеттин деканынан жана кафедра башчысынан тышкары илимий-педагогикалык кызматкерлердин бардык кызмат орундарын алмаштырууда эмгек келишимин түзүү менен катар эле конкурстук тандоо жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн кызмат орундарын алмаштыруунун тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Жогорку окуу жайынын факультетинин деканынын жана кафедра башчысынын кызмат орундары шайлануучу болуп саналат. Көрсөтүлгөн кызмат орундарына шайлоонун тартиби жогорку уюмдарынын уставдары менен аныкталат. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлары профессордук-окутуучулук курамдын кызмат орундарын ээлөө тартибин өз алдынча аныктоого укуктуу. Мамлекеттик жана муниципалдык жогорку уюмдарында ректорлордун, проректорлордун, филиалдардын (институттардын) жетекчилеринин кызмат орундары эмгек келишимдерин түзүү мөөнөтүнө карабастан, 65 жаштан ашпаган курактагы адамдар менен алмаштырылат. Ушул кызмат орундарын ээлеген жана ошол куракка жеткен адамдар алардын макулдугу менен квалификациясына туура келген башка кызматка которулушат. Мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери билим берүү жөнүндө мыйзам менен белгиленген тартипте жана учурларда кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат. Проректорлор мөөнөттүү эмгек келишими менен жумушка кабыл алынат. Проректордун жогорку окуу жайы менен түзгөн мөөнөттүү эмгек келишиминин мөөнөтү ректордун ыйгарым укугунун мөөнөтүнө дал келет. Уюмдаштыруучу (уюмдаштыруучулар) жогорку окуу жайынын илимий кеңешинин сунушу боюнча 70 жашка чыкканга чейин ректорлук кызмат орунунда иштөө мөөнөтүн узартууга укуктуу. Ректор жогорку окуу жайынын илимий кеңешинин сунуштамасы боюнча проректордун, факультеттин деканынын, филиалдын (институттун) жетекчисинин кызмат орунунда иштөө мөөнөтүн 70 жашка чыкканга чейин узартууга укуктуу.
Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 16-декабрындагы № 17-р чечими (КР 2009-жылдын 20-январындагы № 10, 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 177, 2023-жылдын 7-августундагы № 165 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
378-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 165 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам образования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 ноября 2016 года № 177 "О внесении изменения в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 января 2009 года № 10 "О внесении изменений в отдельные законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
07.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…шайлоонун тартиби жогорку уюмдарынын уставдары менен аныкталат.
кошулду: Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлары профессордук-окутуучулук курамдын кызмат орундарын ээлөө тартибин өз алдынча аныктоого укуктуу.
Мамлекеттик жана муниципалдык жогорку уюмдарында ректорлордун, … 2009-жылдын 20-январындагы № 10, 2016-жылдын 11-ноябрындагы № алынып салынды: 177 кошулду: 177, 2023-жылдын 7-августундагы № 165 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 16-декабрындагы N 17-р "жаран Айылчы Сарыбаевдын кызыкчылыгын көздөгөн Абилмажин Субанбековдун кайрылуусу боюнча Кыргыз…Решение · 16.12.2015 · № 17-р
- КР Премьер-министринин 2013-жылдын 25-декабрындагы № 581 "А.Зурдинов жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 25.12.2013 · № 581
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-378" title="378-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>