300-статья. Башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарын окуп бүтүргөн адамдарды иш менен камсыз кылуу
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 23-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 июля 2015 года № 179
Башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарын окуп бүтүргөн адамдар ээ болгон адистигине жана квалификациясына ылайык алардын иш берүүчүлөр менен түзгөн келишимдеринин негизинде же башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарын жана иш берүүчүлөр тарабынан түзүлгөн адистерди даярдоо жөнүндө келишимдердин негизинде жумуш менен камсыз кылынат. Аймагында башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары жана калкты иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызмат органдары болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн алардын кесиптик даярдыгын жана квалификациясын эсепке алуу менен жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүшөт. Иш берүүчү башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн келишимге ылайык ишке келгендерди жумушка алуудан баш тартканда алар тиешелүү эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына же сотко даттанышы мүмкүн. Башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн келишимге ылайык ишке алуудан баш тартканда, иш берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат. (КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
300-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 20 июля 2015 года № 179 "О внесении изменений и дополнений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
20.07.2015 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…менен камсыз кылуу мамлекеттик кызмат органдары болгон жергиликтүү алынып салынды: өзалдынча кошулду: өз алдынча башкаруу органдары башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим … орто жана кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын алынып салынды: бүтүрүүчүлөрүн кошулду: бүтүрүүчүлөрүнө ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн келишимге ылайык ишке келгендерди жумушка алуудан баш тартканда алар тиешелүү кошулду: эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик алынып салынды: эмгек инспекциясына кошулду: органына же сотко даттанышы мүмкүн.
Башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын алынып салынды: бүтүрүүчүлөрүн кошулду: бүтүрүүчүлөрүнө ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн келишимге ылайык ишке … мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.
кошулду: (КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-300" title="300-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>