299-статья. Күндөлүк иш узактыгы кыскартылган 18 жаштагы кызматкерлердин эмгек акысы
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 23-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Эмгегине күндүк акы төлөөдө 18 жашка чейинки курактагы кызматкерлердин эмгек акысы иштин кыскартылган узактыгын эске алуу менен төлөнөт. Иш берүүчү өздүк каражаттарынын эсебинен күндөлүк толук иш узактыгына тиешелүү категориялардагы кызматкерлердин эмгегине акы төлөө деңгээлине чейин аларга кошумча төлөө жүргүзөт. Иштегенине жараша акы төлөнүүчү жумуштарда иштөөгө жол берилген он сегиз жашка чейинки курактагы кызматкерлердин эмгеги тартипте жасаган ишине жараша коюлуучу белгиленген баа боюнча төлөнөт. Иш берүүчү алардын күндөлүк жумушунун узактыгы кыскартылуучу убактысы үчүн тарифтик ченге чейинки кошумча акыны аларга өздүк каражаттарынын эсебинен белгилеши мүмкүн. Жалпы билим берүү уюмдарында, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмдарында окуган жана окуудан бош мезгилинде иштеген 18 жашка чейинки курактагы кызматкерлердин эмгегине акы төлөө иштеген убактысына же аткарган жумушуна жараша төлөнөт. Иш берүүчү бул кызматкерлердин эмгек акысына өз каражатынын эсебинен кошумча төлөөлөрдү белгилеши мүмкүн.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
299-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-299" title="299-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>