223-статья. Өндүрүштөгү бөөдө кырсыкты жана кесиптик ооруга чалдыгууну териштирүү жана эсебин алуу
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 17-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 июля 2015 года № 179
Өндүрүштөгү бөөдө кырсыкты жана кесиптик ооруга чалдыгууну териштирүү жана эсебин алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүргүзүлөт. Иш берүүчү кесиптик бирликтердин өкүлдөрүнүн же уюмдун кызматкерлеринин башка өкүлчүлүктүү органдарынын катышуусу менен, ал эми мыйзамда белгиленген учурларда - атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жана башка кызыкчылык көрсөткөн адамдардын катышуусу менен өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды, кесиптик ооруга чалдыгууну, териштирүүнү жана эсебин алууну өз учурунда жана туура жүргүзүүгө, алардын себептерин четтетүү, жабыр тарткандарга же каза болгон адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнө материалдык жана башка жардам көрсөтүү боюнча зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү. Тобу менен, оор же өлүмгө алып келген кокустукта иш берүүчү эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана башка тиешелүү органдарга дароо билдирүүгө милдеттүү. Травманын оордугу медициналык корутундунун негизинде аныкталат, аны иш берүүчүнүн же мамлекеттик көзөмөлдөө органынын суроо-талабы боюнча дарылоо-профилактикалык мекеме бир сутканын ичинде берет. Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды, кесиптик ооруга чалдыгууну териштирүүгө жабырлануучунун ишенимдүү адамы, ал эми жабырлануучу каза болгон учурда - анын туугандарынын ишенимдүү адамы катышууга укуктуу. Эгерде ишенимдүү адам териштирүүгө катышпаса, анда иш берүүчү же комиссиянын төрагасы ишенимдүү адамдын талабы боюнча териштирүүнүн материалдары менен аны тааныштырат. Бөөдө кырсыкты, кесиптик ооруга чалдыгууну териштирүүнүн натыйжасы боюнча белгиленген формада акт түзүлөт, анын бир нускасын иш берүүчү же комиссиянын төрагасы жабыр тарткан, болбосо каза болгон адамдын туугандарына же алардын ишенимдүү адамына кол койдуруу менен берүүгө милдеттүү. Жеңил кокустуктун өндүрүш менен байланышы жоктугу жөнүндө комиссиянын тыянагы мамлекеттик көзөмөлдөөнүн тиешелүү органы же кесиптик бирликтердин техникалык эмгек инспекциясы менен макулдашылышы керек. Иш берүүчү Н-1 формасы боюнча бөөдө кырсык жөнүндө же кесиптик ооруга чалдыгуу тууралу териштирүүнүн, актысын түзүүдөн баш тартканда, болбосо жабыр тарткан, каза болгон адамдын туугандары же алардын ишенимдүү адамы актынын мазмуну менен макул болбогондо алар тийиштүү эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, кесиптик бирликтердин техникалык эмгек инспекциясына, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматтын органына же сотко кайрылууга укуктуу. КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 179 Мыйзамы менен 223-статьянын расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүүлөр киргизилди
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
223-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 20 июля 2015 года № 179 "О внесении изменений и дополнений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
20.07.2015 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…менен, оор же өлүмгө алып келген кокустукта иш берүүчү алынып салынды: Мамлекеттик эмгек алынып салынды: инспекциясы органдарына кошулду: мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана башка тиешелүү органдарга дароо билдирүүгө милдеттүү.
Травманын … ишенимдүү адамы актынын мазмуну менен макул болбогондо алар тийиштүү кошулду: эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик алынып салынды: эмгек инспекциясынын органдарына, кошулду: органына, кесиптик бирликтердин техникалык эмгек инспекциясына, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматтын органына же сотко кайрылууга укуктуу.
кошулду: КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 179 Мыйзамы менен 223-статьянын расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүүлөр киргизилди
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 20.07.2015 · № 179 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-223" title="223-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>