222-статья. Эмгекти коргоо кызматы
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 17-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Эмгекти коргоонун талаптарын сактоону камсыз кылуу, өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруучу, кызматкерлеринин саны 50дөн ашкан ар бир уюмда анын аткарылышына контроль жүргүзүү максатында эмгекти коргоо кызматы түзүлөт же эмгекти коргоо боюнча тиешелүү даярдыктан өткөн же ушул тармакта иш тажрыйбасы бар адистин кызматы киргизилет. Кызматкерлеринин саны 50 жана андан аз уюмдарда эмгекти коргоо кызматын түзүү же эмгекти коргоо боюнча адистин кызматын киргизүү жөнүндө чечимди ушул уюмдагы иштин өзгөчөлүгүн эске алуу менен иш берүүчү кабыл алат. Уюмда эмгекти коргоо кызматы (эмгекти коргоо боюнча адис) жок болгондо, иш берүүчү адистер менен же эмгекти коргоо жаатында кызмат көрсөтүүчү уюмдар менен келишим түзөт. Уюмдагы эмгекти коргоо кызматынын түзүмүн жана эмгекти коргоо кызматынын кызматкерлеринин санын иштегендердин санына, өндүрүштүн кооптуулугуна жана зыяндуулугуна, аймактык алыстыгына жараша эмгек чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган белгилеген ченемдерге ылайык иш берүүчү аныктайт. Эмгекти коргоо кызматы жөнүндө типтүү жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же ал ыйгарым укук берген орган бекитет.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
222-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-222" title="222-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>