182-статья. Мамлекеттик же коомдук милдеттерди аткарууга тартылган кызматкерлер үчүн кепилдиктер жана компенсациялар
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 15-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 октября 2004 года № 181
Эгерде кызматкер мамлекеттик же коомдук милдеттерди мыйзамга ылайык иш учурунда аткарууга туура келсе, иш берүүчү кызматкерди иш ордун (кызмат орунун) сактоо менен аны аткаруу үчүн жумуштан бошотууга милдеттүү. Кызматкерди мамлекеттик же коомдук милдеттерди аткарууга тарткан мамлекеттик орган же коомдук бирикме ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган учурларда, кызматкерге ал милдеттерди аткарган убакыт үчүн мыйзамда же башка ченемдик укуктук актыда, болбосо тийиштүү коомдук бирикменин чечиминде белгиленген өлчөмдө компенсация төлөйт. Кызматкер коомдун кызыкчылыгы үчүн иш-аракеттерди жасап жатканда (авариялардын, табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу, шайлоо комиcсияларынын ишине катышуучу адамдын өмүрүн сактоо жана башкалар) анын ошол мезгилдеги иш орду (кызмат оруну) жана орточо эмгек акысы сакталат. (КР 2004-жылдын 8-октябрындагы № 181 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
182-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Положение "О порядке формирования и расформирования избирательных комиссий" (утвержденное постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 8 июля…Положение · 08.07.2011 · № 7
- 2010-жылдын 24-майы № 54Постановление · 24.05.2010 · № 54
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 23-августундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Постановление · 23.08.2017 · № 363
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-мартындагы № 165 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометриялык маалыматтарын топтоого тартылган адамдарга компенсациялардын өлчөмүн белгилөө…Постановление · 27.03.2015 · № 165 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-182" title="182-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>