175-статья. Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрдөгү жумушка эмгек акы
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 13-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 июля 2015 года № 179
Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрдөгү жумушка эки эседен кем эмес акы төлөнөт: баалап иштегендерге - жасалган иштин эки эсе баасынан кем эмес; эмгек акысы күндүк же сааттык ставкалар менен төлөнүүчү кызматкерлерге - күндүк же сааттык ставканын эки эсе өлчөмүнөн кем эмес; айлык акы алган кызматкерлерге - эгерде дем алыш же жумуш эмес майрам күндөгү иш жумуш убактысынын бир айлык ченеминин чегинде жүргүзүлсө, айлык акыдан тышкары күндүк же сааттык бир ставкадан кем эмес жана эгерде жумуш айлык ченемдин чегинен ашыкча аткарылса, күндүк же сааттык бир ставканын эки эсе өлчөмүнөн кем эмес өлчөмдө. Дем алыш же жумуш эмес майрам күнү иштеген кызматкердин каалоосу боюнча ага башка күнү дем алыш берилиши мүмкүн. Мындай учурда дем алыш же жумуш эмес майрам күнгө бир эсе өлчөмдө акы төлөнөт, ал эми эс алган күнгө акы төлөнбөйт. Кинематографиянын, театрлардын, театрдык жана концерттик уюмдардын, цирктердин чыгармачыл кызматкерлеринин жана чыгарма жаратууга жана (же) аткарууга катышкан башка адамдардын, кесипкөй спортсмендердин дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрдөгү эмгегине акы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссиянын пикирин эске алуу менен белгиленген тизмекке ылайык эмгек келишимине, жамааттык келишимге же уюмдун локалдуу ченемдик актысынын негизинде аныкталышы мүмкүн. (КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
175-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Положение об условиях оплаты труда работников Главного управления по гидрометеорологии Министерства чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики (Утверждено постановлением…Положение · 08.07.2006 · № 502
- 2010-жылдын 24-майы № 54Постановление · 24.05.2010 · № 54
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-175" title="175-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>