2-статья. Социалдык фонддун милдеттери жана иш-милдеттери
Күчүндө · 25.07.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93
Социалдык фонддун милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы макулдашылган саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздандырууга болгон укугун камсыз кылуу;
- Социалдык фонддун компетенциясынын чегинде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунун финансылык туруктуулугун камсыз кылуу.
Социалдык фонд төмөндөгү иш-милдеттерди аткарат:
- Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн ишин жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактарды эсепке алууну, камсыздандыруу төгүндөрүн төлөөчүлөрдүн бардык категориялары боюнча маалыматтар банкын жүргүзүүнү;
- камсыздандыруу төгүмдөрүн топтоону жана өз учурунда Пенсиялык фондго, Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фондго, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна өткөрүп берүүгө;
- пенсияларды, жөлөкпулдарды дайындоону, компенсацияларды кошуп эсептөөнү жана аларды төлөөнү уюштурууну;
- мыйзамда белгиленген тартипте камсыздандырылган адамдардын жекече (индивидуалдык) эсебин жүргүзүүнү;
- Пенсиялык фонддун, Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана Эмгекчилердин ден соолугун чындоо фондунун чыгымдарын каржылоону;
- кызматкерлердин жана башка жарандардын ден соолугуна зыян келтирүүгө күнөөлүү болушкан иш берүүчүлөрдөн жана жарандардан эмгектик мертинүүсүнүн, кесиптик дартка чалдыгуусунун натыйжасында келип чыккан майыптыгы боюнча мамлекеттик пенсиялардын же баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсиялардын суммаларын өндүрүүнү;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун каражаттарынын Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык туура чыгымдалышын контролдоону;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жаатында мамлекеттик тарифтик саясаттын негизги багыттарын калыптандыруу, топтоо бөлүгүн өзүнө камтыган мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун жана пенсия менен камсыз кылуунун тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүү;
- Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фондду түзүү жана башкаруу;
- пенсиялык топтоолордун каражаттарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген максаттарда гана пайдалануу;
- Социалдык фонддун компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды даярдоону;
- Социалдык фонддун компетенциясына кирген маселелер боюнча калктын жана юридикалык жактардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү;
- пенсиялык топтоолорду инвестициялоо жана жарандарды пенсия менен камсыз кылуу маселелери боюнча топтоочу пенсиялык системанын катышуучулары менен эриш-аркак иштөөнү;
- камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууну;
- камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган бузууларды четтетүү боюнча талаптарды коюу үчүн 2019-жылдын 1-январына чейинки мезгил үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө камсыздандыруу төгүмдөрүн, финансылык жана айып санкцияларын кошуп эсептөөнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка иш-милдеттерди.
(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 13-февралындагы № 30, 2005-жылдын 30-июнундагы № 84, 2009-жылдын 15-июлундагы № 219, 2011-жылдын 6-октябрындагы № 166, 2012-жылдын 29-октябрындагы №175, 2015-жылдын 3-августундагы № 212, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 25.07.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 ноября 2016 года № 178 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам государственного социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 августа 2015 года № 212 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 октября 2012 года № 175 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 октября 2011 года № 166 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 июля 2009 года № 219 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О Социальном фонде Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 июня 2005 года № 84 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Социальном фонде Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 февраля 2005 года №30 " О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Социальном фонде Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
26.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын кошулду: мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик … компенсацияларды кошуп эсептөөнү жана аларды төлөөнү уюштурууну;
- алынып салынды: "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кошулду: мыйзамда белгиленген тартипте камсыздандырылган адамдардын жекече (индивидуалдык) эсебин … өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтүнө кошулду: Министрлер Кабинетине киргизүү;
- Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фондду түзүү жана башкаруу;
- пенсиялык топтоолордун каражаттарын Кыргыз Республикасынын кошулду: мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген максаттарда гана пайдалануу;
- Социалдык … Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтүнө кошулду: Министрлер Кабинетине сунуштарды даярдоону;
- Социалдык фонддун компетенциясына кирген … пенсиялык системанын катышуучулары менен эриш-аркак иштөөнү;
- кошулду: камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууну;
- камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган бузууларды четтетүү боюнча талаптарды коюу үчүн 2019-жылдын 1-январына чейинки мезгил үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө камсыздандыруу төгүмдөрүн, финансылык жана айып санкцияларын кошуп эсептөөнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка иш-милдеттерди.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 13-февралындагы № 30, 2005-жылдын 30-июнундагы № 84, … №175, 2015-жылдын 3-августундагы № 212, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № алынып салынды: 178 кошулду: 178, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Инструкция о порядке взыскания с работодателей, виновных в причинении вреда здоровью работникам, сумм пенсий по инвалидности или по случаю потери кормильца вследствие трудового…Инструкция · 27.07.2006 · № 79 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1502/st-2" title="2-статья - Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>