Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 15-июлу № 219 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
1-статья. "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 510-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статьянын 2-бөлүгүндө:
үчүнчү абзацы "Пенсиялык фондго," деген сөздөрдөн кийин "Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фондго," деген сөздөр менен толукталсын; алтынчы абзацы "Пенсиялык фонддун," деген сөздөрдөн кийин "Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фонддун," деген сөздөр менен толукталсын; тогузунчу абзацы "пенсия менен камсыз кылуу" деген сөздөрдөн мурда "анын топтоо бөлүгүн камтыган" деген сөздөр менен толукталсын; бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы онунчу жана он биринчи абзацтар менен толукталсын: "- Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фондду түзүү жана башкаруу;
- пенсиялык топтоолордун каражаттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген максаттарда гана пайдалануу;";
он экинчи абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "- пенсиялык топтоолорду инвестициялоо жана жарандарды пенсия менен камсыз кылуу маселелери боюнча топтоочу пенсиялык системанын катышуучулары менен эриш-аркак иштөөнү;"; онунчу-он үчүнчү абзацтар тиешелүүлүгүнө жараша он экинчи-он бешинчи абзацтар деп эсептелсин.
2. 3-статьясында:
1-бөлүгүндө:
- он экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары" деген сөздөр "жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген башка баалуу кагаздары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы жыйырманчы жана жыйырма биринчи абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте конкурстун жыйынтыгы боюнча тандалып алынган пенсиялык системанын топтоо бөлүгүнө адистештирилген депозитарий жана компаниялардын башкаруучулары менен келишим түзүүгө;
- адистештирилген депозитарий менен башкаруучу компаниялардын пенсия топтоо каражаттарын түзүү жана инвестирлөө боюнча ишмердигинин финансылык жыйынтыктары жөнүндө алардын отчетторун кароого.";
2-бөлүгүндө:
- алтынчы абзацы "мамлекеттик социалдык камсыздандыруу" деген сөздөрдөн кийин "жана пенсиялык системанын топтоо бөлүгү үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;
- тогузунчу абзацындагы "жана камсыздандырылган адамдар" деген сөздөр ", камсыздандырылган адамдар жана компаниялардын башкаруучулары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- онунчу абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жылына бир жолу камсыздандырылган адамдарды жеке камсыздандыруу эсептеринен пенсиялык топтоолору жөнүндө маалымат менен камсыз кылууга;";
- бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы он алтынчы-жыйырма биринчи абзацтар менен толукталсын;
"- пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимдерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жана мөөнөттөрдө пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруучу компанияларга өткөрүп берүүгө;
- пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоого байланышкан чыгымдарды төлөөгө;
- пенсиялык топтоо каражаттарын, аларды жайгаштырууну, алынган инвестициялык кирешелерди өзгөчөлөнгөн каттоо жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө камсыздандырылган адамдардын пенсиялык топтоо эсептерине пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун жыйынтыктарын чагылдырууга;
- камсыздандырылган адамдын пенсиялык активдерин өзүнүн арызы боюнча мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорго жана топтоочу пенсиялык каражаттарды инвестициялоо менен иштеген башка түзүмдөргө которууга;
- камсыздандырылган адамдардын топтоочу камсыздандыруу эсептери боюнча инвестициялык кирешелерин бөлүштүрүүгө жана топтоочу пенсиялык төлөөлөрдү жүргүзүүгө.".
3. 4-статьянын 1-бөлүгүндө:
экинчи абзацы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн мурда "топтоочу бөлүккө түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнөн башка" деген сөздөр менен толукталсын"; бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын: "- камсыздандырылган адамдардын пенсиялык активдерин инвестициялоодон алынган инвестициялык кирешелердин".
4. 5-статьянын 2-бөлүгү "Пенсиялык фонддун," деген сөздөрдөн кийин "Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фонддун," деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндөЗакон · 02.08.2004 · № 103
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндөЗакон · 02.08.2004 · № 103