600-3-статья. Областтык же ага теңештирилген соттун жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан райондук (шаардык) соттун судьясынын администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген токтомуна кассациялык тартипте даттануунун каралышы
Күчүн жоготкон · 02.08.2004 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Райондук (шаардык) соттун администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген токтомуна даттанууну кассациялык тартипте карап чыгып, областтык же ага теңештирилген соттун жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы үч судьянын курамында кассациялык инстанциядагы сот катары иштеп төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:
1) токтомду өзгөртүүсүз, ал эми даттанууну, көрсөтүүнү - канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө;
2) токтомду өзгөртүү жөнүндө;
3) токтомду жокко чыгаруу жана жаңы чечим кабыл алуу жөнүндө.
Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча чечим токтом, аныктама түрүндө чыгарылат. Администрациялык укук бузуулар боюнча биринчи инстанциядагы соттордун күчүнө кирген токтому ал күчүнө кирген күндөн баштап бир айдын ичинде кассациялык тартипте кайра кароого жатат. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу боюнча токтомдун, аныктаманын көчүрмөсү үч күндүн ичинде ага карата чыгарылган адамга, өтүнүчү боюнча жабырлануучуга жиберилет.".
4. 601-статьяда:
биринчи бөлүктөгү "же судьянын" деген сөздөр алып салынсын; экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш сот көзөмөлү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан үч судьянын курамына ишке тиешеси бар адамдарга кабарлоо менен каралат, бирок алардын келбей коюшу ишти кароого тоскоолдук болуп саналбайт Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын соттук курамы Жогорку соттун Төрагасы же анын орун басары тарабынан аныкталат.".
5. 602-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"602-статья. Сот тарабынан көзөмөл тартибинде кабыл алынуучу чечимдер Көзөмөл инстанциясынын соту (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы) ишти көзөмөл тартибинде карап чыгат жана төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жергиликтүү соттун соттук актысын (соттук актыларын) күчүндө, ал эми даттанууну же көрсөтүүнү - канааттандыруусуз калтырууга;
2) иш боюнча мурда кабыл алынган актылардын бирин күчүндө калтырууга жана калган соттук актыларды жокко чыгарууга;
3) жергиликтүү соттордун соттук актыларына өзгөртүүлөр киргизүүгө;
4) жергиликтүү соттордун соттук актыларын жокко чыгарууга жана администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтотууга;
5) көзөмөл өндүрүшүн токтото турууга жана мыйзамга расмий чечмелөө берүү жөнүндө суроо-талапты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберүүгө, мыйзамдын конституциялуулугун текшерүүү жөнүндө суроо-талапты Кыргыз Рөспубликасынын Конституциялык сотуна жиберүүгө;
6) жергиликтүү соттордун соттук актыларын жокко чыгарууга жана жаңы чечим кабыл алууга;
7) жергиликтүү соттордун соттук актыларын жокко чыгарууга жана соттун иштин маңызы боюнча чечими жок болгондо ишти жаңыдан кароого тиешелүү жергиликтүү сотко берүүгө.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын чечими ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 1, 2, 3, 4, 6-пункттарынын негизинде токтом түрүндө ошол эле бөлүктүн 5 же 7-пунктунун негизинде аныктама түрүндө чыгарылат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын көзөмөл тартибиндө кабыл алынган актылары даттанылууга жатпайт.".
6. 42-глава төмөнкүдөй мазмундагы 602-1-статья менен толукталсын:
"602-1-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын жаңы чечимин кабыл алуунун негиздери жана тартиби Эгерде жергиликтүү сот тарабынан соттук акт чыгарылып, бирок материалдык жана процесстик укук ченемдерин колдонууда каталыкка жол берилсе, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча жаңы чечим кабыл алат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жергиликтүү соттордун соттук актыларын жокко чыгарууга жана администрациялык укук бузуу иши боюнча өндүрүштү кыскартууга;
2) жергиликтүү соттордун соттук актыларын жокко чыгарууга жана жаңы чечим чыгарууга.
Тиешелүү түрдө кабарланган укук бузуучунун же жабырлангандын жүйөлүү себепсиз сот заседаниесине келбей коюшу администрациялык иш боюнча жаңы чечим кабыл алууга тоскоолдук кылбайт.".
Берененин тексти 02.08.2004 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
600-3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1501/st-600-3" title="600-3-статья - О внесении изменений и дополнений в кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>