Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-статья
Күчүн жоготкон · 02.08.2004 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 595-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"595-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иштер боюнча токтомго даттануунун тартиби Администрациялык укук бузуу жөнүндө иштер боюнча токтом тиешелүү жогору турган органга (кызмат адамына) же райондук (шаардык) сотко даттанылышы мүмкүн. Жогору турган орган (кызмат адамы) тарабынан кабыл алынган администрациялык укук бузуу жөнүндө иштер боюнча токтом райондук (шаардык) сотко даттанылышы мүмкүн. Ушул Кодекстин 508-статьясында каралган караштуулугу тике сотко тиешелүү администрациялык укук бузуулар боюнча кабыл алынган судьянын токтому, ошондой эле ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган учурларда жогору турган органдын (кызмат адамынын) токтому боюнча кабыл алынган судьянын токтому областтык жана ага теңештирилген соттун жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясына апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген токтому областтык жана ага теңештирилген соттун жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясына кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Даттануу (көрсөтүү) боюнча үч судьянын курамында кабыл алынган областтык жана ага теңештирилген соттун жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын чечими аткаруу үчүн үч күндүк мөөнөттө жиберилет. Областтык жана ага теңештирилген соттун жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын соттук курамы тиешелүү областтык же ага теңештирилген соттун төрагасы тарабынан аныкталат. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына даттануу апелляциялык же кассациялык инстанциядагы сот катары администрациялык ишти караган областтык жана ага теңештирилген соттун жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын чечими Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясына даттанылышы мүмкүн.".
2. 600-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"600-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттанууну жогору турган орган (кызмат адамы) тарабынан кароо Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттанууну карап чыгып, жогору турган орган (кызмат адамы) төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:
1) токтомду өзгөртүүсүз, ал эми даттанууну, көрсөтүүнү - канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө;
2) токтомду өзгөртүү жөнүндө;
3) эгерде даттанууну кароодо токтом ыйгарым укуксуз орган (кызмат адамы) тарабынан чыгарылгандыгы белгиленсе, токтомду жокко чыгаруу жана ишти ведомстволук караштуулугу боюнча кароого жиберүү жөнүндө;
4) ушул Мыйзамдын 549-статьясында каралган жагдайлар болгондо токтомду жокко чыгаруу жана ишти кыскартуу жөнүндө.
Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча чечим токтом түрүндө чыгарылат. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу боюнча токтомдун көчүрмөсү үч күндүн ичинде ага карата чыгарылган адамга, өтүнүчү боюнча - жабырлануучуга жиберлет.".
3. 42-глава төмөнкүдөй мазмундагы 600-1, 600-2 жана 600-3-статьялар менен толукталсын:
"600-1-статья. Райондук (шаардык) соттун судьясы тарабынан администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттанууну кароо Органдын (кызмат адамынын) администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча мыйзамдуу күчүнө кире элек токтомуна даттануу болгондо райондук (шаардык) сот ушул Кодекстин 41-главасында каралган эрежелерди колдонуу менен биринчи инстанциядагы сот катары чыгат.
Берененин тексти 02.08.2004 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1501/st-1" title="1-статья - О внесении изменений и дополнений в кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>