Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18 июнундагы №136 буйругу менен бекитилген)
№2 тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Президентинин
2007-жылдын 18 июнундагы
№136 буйругу
менен бекитилген
Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча
Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө
ЖОБО
1. Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча
Ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) маалыматтык
коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө таламдаш мамлекеттик органдардын
макулдашылган аракеттерин камсыз кылуу максатында түзүлгөн туруктуу
иштөөчү координациялык жана консультациялык орган болуп саналат.
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана
мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана
буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана
буйруктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген
тартипте күчүнө кирген эларалык макулдашууларды, Кыргыз
Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону
жетекчиликке алат.
3. Комиссиянын ишинин максаты маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу
жана мамлекеттик сырларды коргоо, жарандардын, коомдун жана
мамлекеттик укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоону камсыз кылуу
чөйрөсөндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын натыйжалуу
өзара аракеттенишин жана ишин координациялоону уюштуруу болуп саналат.
4. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга жана мамлекеттик сырларды
коргоого багытталган концепцияларды, мамлекеттик максаттуу
программаларды белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана кароо, бул
чөйрөдө мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын
долбоорлорун иштеп чыгууну уюштуруу;
- маалыматтык коопсуздук жана мамлекеттик сырларды коргоо
чөйрөсүндө кырдаалдын өнүгүшүнүн динамикасын талдоо жана божомолдоо,
бул чөйрөдө мамлекеттин саясатынын негизги багыттары боюнча Кыргыз
Республикасынын Президентине, Өкмөткө жана Коопсуздук кењешине сунуш
киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу
жагында мамлекеттик саясаттын негизги жоболору менен маалыматтык
коопсуздук системасын түзүү жана өркүндөтүү маселелери боюнча уюштуруу-
усулдук сунуштарды даярдоо;
- маалыматтык коопсуздукка ички жана тышкы коркунучтарды табуу жана
баа берүү жана аларды болтурбоо боюнча сунуштарды даярдоо;
- кадрларды даярдоо, ошондой эле маалыматтык коопсуздукту камсыз
кылуу жагында финансылоого тиешелүү маселелер боюнча сунуштарды кароо.
5. Комиссия ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында:
- маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жана мамлекеттик сырларды
коргоо чөйрөсүндө таламдаш мамлекеттик органдардын өзара аракеттенишин
уюштуруу, координациялоо жана өркүндөтүүнү камсыз кылуу үчүн зарыл
болгон чечимдерди кабыл алат;
- маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жана мамлекеттик сырларды
коргоо маселелери боюнча сунуштарды өз убагында даярдоо үчүн (таламдаш
мамлекеттик органдардын сунушу боюнча) жумушту топторду түзөт жана ал
топтордун милдетин жана иштөө тартибин аныктайт;
- өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик маалыматтык ресурстардан
пайдаланган таламдаш мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча
башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана менчигинин түрүнө
карабастан башка уюмдар менен өзара аракеттенүүнү уюштурат, анын
ичинде алардан белгиленген тартипте Комиссиянын компетенциясына
тиешелүү маселелер боюнча маалыматтарды суратат жана Комиссиянын ишине
катышууга ал органдардын кызмат адамдарын чакырат;
- маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуунун жана мамлекеттик
сырларды коргоонун натыйжалуулугуна учурдагы мониторинг жүргүзүү
максатында маалыматтык-талдоо, усулдук материалдарды жана божомолдорду
даярдоону уюштурат;
- зарыл болгон учурда таламдаш мамлекеттик органдардын жана
Комиссиянын курамына кирбеген уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен
кењейтилген жыйналыштарды өткөрөт, ошондой эле тажрыйба жана зарыл
маалыматтарды алмашуу максатында атайын ведомстволор аралык
семинарларды жана кењешмелерди уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин талап кылган Комиссиянын
компетенциясына кирген маселелер боюнча белгиленген тартипте Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизет;
- ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык жана өз компетенциясынын чегинде
Комиссиянын чечимдеринин жүзөгө ашырылышына мониторинг жүргүзөт.
6. Комиссия төмөнкү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн курамынан
(жетекчилердин же жетекчилердин орунбасарларынын дењгээлинде) түзүлөт:
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик
комитети;
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
(байланыш жана маалыматташтыруу башкармасынын начальниги);
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары
министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана
технология мамлекеттик агенттиги.
Комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин
Администрациясынын, Өкмөтүнүн жана Коопсуздук кењешинин аппараттарынын
өкүлдөрү кириши мүмкүн, аларды ушул органдардын жетекчилери аныктайт.
7. Комиссиянын төрагасы кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын
Коопсуздук кењешинин катчысы, анын орунбасарлары - Кыргыз
Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитетинин
төрагасы жана Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар
министри болуп саналат.
Комиссиянын төрагасы:
- Комиссиянын ишине жалпы жетекчилик кылат жана Комиссияга
жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жооп берет;
- Комиссиянын жыйналыштарына жетекчилик кылат;
- таламдаш мамлекеттик органдардын сунушу боюнча Комиссиянын
жумушчу топторунун курамдарын бекитет;
- Комиссиянын мүчөлөрү менен макулдашуу боюнча Комиссиянын
иштеринин пландарын жана жыйналыштарынын күн тартибин бекитет.
Комиссиянын төрагасы Улуттук коопсуздуктун мамлекеттик комитетинин
төрагасынын сунушу боюнча ушул Мамкомитеттин кызматкерлеринин ичинен
Комиссиянын жооптуу катчысын дайындайт.
8. Комиссиянын жооптуу катчысы:
- Комиссиянын жыйналыштарын даярдоону уюштурат;
Комиссиянын ишинин планынын долбоорлорун, анын жыйналыштарынын күн
тартибинин долбоорлорун даярдоону камсыз кылат, Комиссиянын
жыйналыштарына материалдарды жана чечимдерди даярдоону уюштурат;
- Комиссиянын жыйналыштарын өткөрүү датасы, орду жана убактысы
жөнүндө жана Комиссиянын жыйналышынын күн тартибине киргизилген
маселелер жөнүндө маалыматты Комиссиянын мүчөлөрүнө Комиссиянын
жыйналышы өткөрүлө турган күнгө чейин 10 жумушчу күндөн кечикпеген
мөөнөттө камсыз кылат;
Комиссиянын жыйналыштарын даярдоо үчүн зарыл болгон материалдарды
алат, алар Комиссияга компетенциясына күн тартип маселелери кирген
таламдаш мамлекеттик органдары тарабынан Комиссиянын жыйналышын
өткөрүү күнүнө чейин беш күндөн кечиктирбестен тиешелүү түрдө
министрдин же анын орунбасарынын, кызматтын жетекчисинин же анын
орунбасарынын колу коюулуу менен расмий бланкта жазуу жүзүндө берилет;
- Комиссиянын төрагасынын же анын орунбасарынын тапшыруусу боюнча
башка милдеттерди аткарат.
9. Комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылууну
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитети
жүзөгө ашырат.
10. Комиссиянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин
буйругу менен бекитилет.
11. Комиссиянын мүчөлөрү:
- Комиссиянын төрагасына Комиссиянын ишинин планы, Комиссиянын
жыйналыштарынын күн тартиби жана Комиссиянын жыйналыштарында
маселелерди талкуулоо тартиби боюнча сунуштарды киргизет;
Комиссиянын жыйналыштарына материалдарды, ошондой эле Комиссиянын
чечимдеринин долбоорлорун даярдоого катышат;
- Комиссиянын жыйналыштарына катышат жана каралып жаткан маселерди
талкуулоого жана чечимдерди иштеп чыгууга катышат;
- Комиссиянын жыйналышына катышуу мүмкүн болбогон учурда бул
жөнүндө Комиссиянын жооптуу катчысына күн мурунтан билдирет;
- зарылчылык болгон учурда Комиссиянын жыйналышынын күн тартибинин
маселелери боюнча өз пикирин жазуу жүзүндө Комиссиянын жооптуу
катчысына жөнөтөт.
12. Комиссиянын жыйналыштары таламдаш мамлекеттик органдардын
сунуштарынын негизинде Комиссиянын төрагасы беките турган анын иш-
планына ылайык, бирок үч айда кеминде бир жолу өткөрүлөт жана, эгерде
ага Комиссиянын мүчөлөрүнүн кеминде жарымы катышкан учурда, чечим
кабыл алууга укуктуу деп эсептелет.
Таламдаш мамлекеттик органдардын демилгеси боюнча жана Комиссиянын
төрагасынын чечимдери боюнча Комиссиянын кезексиз жыйналыштары
өткөрүлүшү мүмкүн.
Комиссиянын жыйналыштарын - Комиссиянын төрагасы, ал эми ал жокто
Комиссиянын төрагасынын орунбасары өткөрөт.
Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштары тењ болгон учурда жыйналышта
төрагалык кылган адамдын добушу чечүүчү добуш болуп саналат.
Комиссиянын чечими протокол менен толтурулат, ага Комиссиянын
төрагасы же анын жыйналышта төрагалык кылган орунбасары жана
Комиссиянын жооптуу катчысы кол коет.
14. Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдорунун көчүрмөлөрү
(протоколдордон үзүндүлөр) Комиссиянын мүчөлөрүнүн, таламдаш
мамлекеттик органдардын дарегине он күндүк мөөнөттө жөнөтүлөт.
15. Таламдаш мамлекеттик органдардын жана Комиссиянын курамына
кирбеген уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кењейтилген жыйналыш
өткөргөн учурда Комиссиянын жыйналышын өткөрүү датасы, орду жана
убактысы жөнүндө жана Комиссиянын жыйналышынын күн тартибине
киргизилген маселелер жөнүндө маалымат Комиссиянын төрагасынын же анын
орунбасарынын колу коюулуу менен жазуу жүзүндө тиешелүү таламдаш
мамлекеттик органдарга жана уюмдарга жеткирилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18-июнундагы №136 буйругуРаспоряжение · 18.06.2007 · № 136 · Күчүн жоготкон